Үй КАБАРЛАРИран  Ормуз кысыгында БАЭнин танкерин кармады

Иран  Ормуз кысыгында БАЭнин танкерин кармады

by Kanykey

Fars: Иран аскерлери Ормуз кысыгында БАЭнин желеги астында сүзүп жүргөн танкерди кармашты.

Иран аскерлери Ормуз кысыгындагы Кешм аралынын аймагында БАЭнин желеги астында сүзүп жүргөн танкерди кармап алышкан. Бул тууралуу ирандык Fars маалымат агенттиги билдирди.

Деңиз навигациясынын маалыматтары кеменин кысык аркылуу өтүп бара жаткан учурда токтогонун көрсөткөн.

«Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүүнү каалаган танкерлер Иран тарабынан белгиленген маршрут боюнча жүрүп, кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөрдү төлөп, Ирандан уруксат алышы керек», — деп жазат агенттик.

Танкердин аталышы жана ага ээлик кылган эмираттык компаниянын аты такталган жок.

Москва убактысы боюнча саат 20:00гө карата бул маалымат боюнча Иран же Эмират бийликтери тарабынан расмий билдирүү жасала элек.