Үй КАБАРЛАРИран ТИМи: «Мекке келишими» аймактагы өлкөлөр коопсуздук маселесинде АКШга таянууга болбойт деген тыянакка келгенин көрсөтөт

Иран ТИМи: «Мекке келишими» аймактагы өлкөлөр коопсуздук маселесинде АКШга таянууга болбойт деген тыянакка келгенин көрсөтөт

by Kanykey

Сауд Аравиясы, Түркия жана Пакистан түзгөн Мекке келишими аймактагы өлкөлөрдүн АКШдан көңүлү калганын жана коопсуздук маселесинде өз күчтөрүнө таянууну чечкенин көрсөтөт. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи билдирди.

«Түркия, Пакистан жана Сауд Аравиясы — биз менен терең диний, тарыхый жана маданий байланыштары бар үч өлкө. Ошондуктан бул (Мекке) келишими Иранга каршы багытталган деп тынчсызданууга эч кандай негиз жок», — деди ал брифинг учурунда.

Анын айтымында, бул келишим аймактагы өлкөлөрдүн «коопсуздукту камсыз кылуу маселесинде АКШнын убадаларына таянууга болбойт» деген тыянакка келгенин жана ошондуктан өз мүмкүнчүлүктөрүнө таянууну чечкенин көрсөткөн маанилүү белги болуп саналат.

«Мекке келишими»

Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистан коргонуу тууралуу биргелешкен келишимге кол коюшту.

«Мекке келишими» деп аталган үч тараптуу коргонуу пактына ылайык, Түркия, Сауд Аравиясы же Пакистандын кайсынысына болбосун жасалган куралдуу кол салуу келишимге катышкан үч өлкөнүн баарына жасалган чабуул катары бааланат.

Документте келишимдин негизги максаты ар кандай агрессияны биргелешип токтотуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана мамлекеттер ортосунда коргонуу жаатындагы кызматташтыкты бардык багыттар боюнча өнүктүрүү экени белгиленген.

Пакт жалаң гана коргонуу мүнөзүнө ээ болуп, үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес. Ошондой эле келишимге аймактагы башка мамлекеттердин кошулуусуна жол ачык.

Документке Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Сауд Аравиясына болгон сапарынын алкагында 7-августта кол коюлган.