Ирандын борбору Тегеранда бүгүн, 18-сентябрда, «Иран үчүн жанымды берем» улуттук коомдук өнөктүгүнүн алкагында эл арасынан чыккан ыктыярчылардын масштабдуу машыгуусу башталды. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген уюштурулган элдик күчтөр жана жарандар катышууда.

1 of 15

Машыгуу эртең мененки саат 08:00дө башталган. Иш-чара Тегерандагы Имам Хусейн аянтынан Энегелаб аянтына чейинки аралыкта өтүп жатат. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, катышуучулардын саны көп болгондуктан, алардын белгиленген маршрут боюнча жүрүшү бир нече саатка созулушу күтүлүүдө.
Видеоплеер
00:00
00:48
Ирандын маалымат каражаттарынын билдиришинче, иш-чарага катышуучулар таңкы сааттардан тарта белгиленген жерлерге чогулуп, уюшкан тартипте жайгаштырыла баштаган. Машыгуу учурунда элдик күчтөрдүн уюшкандыгы жана өлкөнү коргоого даярдыгы көрсөтүлүүдө.
Машыгууга Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да келди.
Видеоплеер
00:00
00:05
Пезешкиан машыгуу учурунда ИРНА агенттигине берген маегинде: «Биздин жаныбыз элге, өлкөгө жана Иранга курман. Биз бүт күчүбүз менен өлкө үчүн аракет кылып жатабыз», — деп билдирди.
Президенттен ыктыярдуу күчтөрдүн мындай масштабдуу катышуусу душмандын маанайына кандай таасир этери суралганда, ал коомдогу биримдик жана ынтымак маанилүү экенин белгиледи.
«Бардык маселелерде биримдик жана ынтымак душмандын үмүтүн үзөт», — деди Пезешкиан.
Машыгууга катышкан жарандар да өздөрүнүн өлкөнү коргоого даяр экенин билдиришти.
Катышуучулардын бири: «Ирандык экенибиз менен сыймыктанабыз жана мекенибиз үчүн акыркы тамчы каныбызга чейин турабыз», — деди.
Видеоплеер
00:00
00:33
Дагы бир өспүрүм катышуучу иш-чарага катышуунун максаты тууралуу айтып жатып: «Биз бул жерге Америка менен Израилге өлкөбүздү жалгыз калтырбай турганыбызды көрсөтүү үчүн келдик», -деди.
Видеоплеер
00:00
00:25
Жүрүшкө йемендиктер да катышууда
Видеоплеер
00:00
00:10
Буга чейин Иранда өлкөгө мүмкүн болуучу тышкы чабуулдардан коргонуу максатында «Жанымды берем» коомдук өнөктүгүнүн алкагында 1 миң ыктыярдуу батальон түзүлгөнү маалымдалган.
Маалыматка караганда, өнөктүккө катталган ыктыярчылар аскердик даярдыктан өтүп, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү окууларга катыша алышат. Бул даярдыктар жарандардын өлкөнүн коопсуздугуна байланышкан кырдаалдарда ыкчам аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль Иранга каршы агрессия баштаганда эл арасында өлкөнү думшмандардан коргоо максатында «Жанымды берем» аттуу коомдук өнөктүк башталып, кеңири колдоого ээ болгон.
Өнөктүккө катышууну каалаган жарандар өз ыктыяры менен каттоодон өтүп, өлкөнү коргоого даяр экенин билдиришкен. Иран тараптын маалыматына ылайык, 28-февралдан бери өлкөнү тышкы коркунучтардан коргоого өз ыктыяры менен катышууга катталгандардын саны 30 миллиондон ашкан.