Иран өзөктүк объектилерин коргойт жана аларга жасалган кандай гана чабуул болбосун, өлкөнү тынчтык максатындагы өзөктүк мүмкүнчүлүгүнөн ажырата албайт. Бул тууралуу Ирандын мурдагы дипломаты жана саясий маселелер боюнча эксперт Мохсен Пакаин билдирди.
Ал Mehr News агенттигине берген маегинде АКШнын Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу коркутууларынын эч кандай укуктук же эл аралык негизи жок экенин айтты. Анын белгилешинче, бул өзгөчө Ирандын Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге мүчө экендигине байланыштуу.
Пакаиндин айтымында, АКШнын коркутуулары Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) АКШнын басымына каршы жетиштүү позиция билдирбей жаткандыктан жана БУУнун Коопсуздук Кеңеши Вашингтондун коркутууларына бөгөт коюуга жөндөмсүз болуп жаткандыктан уланып келет.
Мурдагы дипломат Иран өзөктүк программасы тынчтык максатында гана жүргүзүлүп жатканын бир нече жолу билдиргенин жана Тегеран өзөктүк бомба жасоого умтулбай турганын белгиледи. Анын айтымында, бул позиция МАГАТЭ тарабынан да тастыкталган.
«АКШ тарабынан жасалган кандай гана аракет болбосун, Иран тарабынан чечкиндүү жооп менен коштолот», — деди Пакаин.
Ал Вашингтондун аракеттеринде рационалдуу логика да, эл аралык укуктук негиз да жок экенин билдирди.
Анын айтымында, эгер өзөктүк объектилерге чабуул жасоо практикасы кеңири жайылып кетсе, мындан биринчи кезекте АКШ жана Израиль жабыр тартышы мүмкүн. Анткени бул эки өлкө тең өзөктүк куралга ээ жана мындай аракеттер аймактык жана эл аралык коопсуздук үчүн олуттуу жана кооптуу кесепеттерге алып келиши ыктымал.
Экмперт АКШ буга чейин жасаган аракеттеринин ар бири акырында өзүнө каршы натыйжа бергенин белгиледи.
Ошондой эле Пакаин Иран буга чейин бир нече жолу Кух-е Коланг аймагында өзөктүк объектилер да, өзөктүк программалар да жок экенин билдиргенин айтты. Анын пикиринде, бул аймакта өзөктүк объектилер бар деген маалыматтар америкалыктар тараткан жалган маалыматтарга негизделген.