Үй АНАЛИТИКАИспаниядагы миграциялык хаос: Сеутага Мароккодон миңдеген мигранттар кирип келди. Видео

Испаниядагы миграциялык хаос: Сеутага Мароккодон миңдеген мигранттар кирип келди. Видео

by Kanykey

30-июлда Испаниянын Түндүк Африкадагы автономиялуу Сеута шаарына Мароккодон миңдеген мигранттар мыйзамсыз кирип келди. Сеутадагы чек ара кризиси 2021-жылдан берки эң ири кризиске айланып, Испания үчүн гуманитардык жана социалдык тармактарда өзгөчө кырдаал жаратып жатканын Politico жазды. Мигранттар чек арадан дайыма чакан топтор менен өтүшөт, бирок бул аптада келгендердин саны болуп көрбөгөндөй көп.

2021-жылдын май айында бир нече күндүн ичинде Мароккодон Сеутага 10 миңге жакын мыйзамсыз мигрант кирип кеткен.

Сеута — Испаниянын автономдуу шаары. Географиялык жайгашуусуна байланыштуу миграция маселеси шаар үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Азыркы Италия өкмөтү мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү артыкчылыктуу багыттарынын бири катары эсептейт.

Кризистин масштабы

El Confidencial басылмасынын маалыматына караганда, мигранттар Сеутага түнү бою келе беришкен. Politico бул кырдаал Испания өкмөтүнүн миграциялык стратегиясына карата сын-пикирлерди күчөткөнүн белгиледи.

Испания бийлигине нааразычылыгын оңчул «Вокс» партиясынын лидери Сантьяго Абаскаль билдирип, автономдуу шаардагы кырдаалды «басып кирүү» деп атады. Ошондой эле германиялык «Германия үчүн альтернатива» партиясынын теңтөрайымы Алис Вайдель жана Европа элдик партиясынын лидери Манфред Вебер Мадридди Евробиримдиктин Миграциялык пактынын талаптарын сактоого чакырышты.

Politico басылмасынын маалыматына ылайык, Испаниянын Сеута жана Мелилья аттуу эки автономдуу шаары Африка менен кургактык аркылуу чек арасы бар Евробиримдиктин жалгыз аймактары болуп саналат. Ушундан улам бул аймактар Евробиримдиктин миграциялык саясаты боюнча талаш-тартыштардын чордонунда болуп келет.

Буга чейин испаниялык ЖМКлар акыркы бир жуманын ичинде 1,5 миңден ашуун мигрант Мароккодон Сеутага сүзүп жеткенин, дагы бир бөлүгү бул аралыкты жөө басып өткөнүн билдиришкен. Башка маалыматтар боюнча, автономдуу шаарга 20 миңге жакын адам кирип кетиши мүмкүн. Учурда Сеутага келгендердин так саны тактала элек.

El Pais гезитинин маалыматына караганда, Сеутага сүзүп өтүүгө аракет кылып жатып кеминде 18 адам каза болгон.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=476&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F1362218542015551%2F&show_text=false&width=660&t=0

Бийликтин реакциясы

Сеута шаарынын бийлиги Испаниянын борбордук өкмөтүнөн Марокко менен чек араны жабууну өтүндү. Бул тууралуу EFE агенттиги билдирди. Анын маалыматына караганда, шаар бийлиги ошондой эле аскер күчтөрүн жөнөтүүнү сураган.

Сеута өкмөтүнүн башчысы Хуан Хесус Вивас “Onda Cero” радиосуна берген маегинде болуп жаткан окуяны «улуттук масштабдагы өзгөчө кырдаал» деп атады. Анын айтымында, шаарга келген мигранттардын саны Сеутанын жалпы калкынын 2 пайызына барабар.

Испаниянын Улуттук полициясынын профсоюзу Сеутадагы кырдаал «толугу менен көзөмөлдөн чыгып кеткенин» билдирди.

Миграциялык кризиске байланыштуу Испания өкмөтү Сеутада жайгашкан кургактагы аскер күчтөрүнүн бөлүктөрүн тартуу чечимин кабыл алганын El Pais жазды. Басылманын маалыматына караганда, аскерлер шаардагы коопсуздукту камсыз кылууда жарандык гвардия кызматкерлерине жардам берет.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес миграциялык кризистин фонунда 31-июлда Сеутага барат. Аны ички иштер министри Фернандо Гранде-Марласка коштоп барат.

Марокконун позициясы

Марокконун бийлиги Сеутадагы кырдаалга кылмыштуу уюмдарды күнөөлөдү. Бул тууралуу Europa Press агенттиги Мадриддеги Марокконун элчилигиндеги дипломатиялык булактарына таянуу менен билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Марокконун дипломатиялык өкүлчүлүгү Испания менен миграция маселесинде үлгүлүү кызматташтык жүргүзүлүп жатканын да белгилеген. Бирок Испаниянын полициясынын версиясы боюнча, Марокко бийлиги мигранттардын Сеутага деңиз жана кургактык аркылуу массалык түрдө өтүшүнө бөгөт коюу үчүн «эч нерсе кылбай жатат».

Испания менен Марокконун келишими

Испания менен Марокко Сеутага мыйзамсыз келген адамдарды мүмкүн болушунча тез арада өткөрүп берүү боюнча чараларды көрүүгө макулдашты. Бул тууралуу Испаниянын Ички иштер министрлиги билдирди. Министрлик эки өлкөнүн бардык тармактарда, анын ичинде миграция маселесинде үлгүлүү кызматташып жатканын белгиледи.

Ведомствонун маалыматына караганда, «адам сатуу тармактары» мигранттардын агымын күчөтүүгө аракет кылып жатат.

Мадрид акыркы күндөрү мигранттардын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө бөгөт коюу үчүн аракет кылган Марокконун коопсуздук күчтөрүнө ыраазычылык билдирди.

Испания бийлиги Марокко тарап менен координацияда мыйзамсыз мигранттарды массалык түрдө кайтаруу жараянын баштай турганын Hespress маалымат порталы өз булактарына таянуу менен билдирди. Анын маалыматына караганда, Сеутанын айланасындагы деңиз жолдору аркылуу өтүүгө аракет кылган мыйзамсыз мигранттарды дароо массалык түрдө кайтаруу чечими кабыл алынган.

Ошол эле булактардын маалыматы боюнча, операция Марокконун тиешелүү түзүмдөрү менен координацияда жүргүзүлөт. Ошондой эле мигранттарды кайтаруу чаралары бардык мигранттарды, анын ичинде жашы жете электерди да камтый турганы айтылды.

Италия Испания менен Шенген келишимин токтотууга даяр

Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони Испания менен чек арадан эркин өтүүгө мүмкүндүк берген Шенген келишиминин аракетин токтотууга даяр экенин билдирди.

Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни да Сеутадагы миграциялык кризис бүтүндөй Европанын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн деген жүйө менен Испанияга карата Шенген келишиминин колдонулушун убактылуу токтотуу идеясын колдоду.

Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес Таянинин билдирүүсүнөн кийин Италиянын элчисин чакырганын билдирди.