Үй КАБАРЛАРЙемен Израилге ракета менен сокку урду

Йемен Израилге ракета менен сокку урду

by Kanykey

Сионисттик маалымат булактары бүгүн Йемен Израилдин борборуна ракеталык чабуул жасагандыгы  тууралуу кабарлады.

Сионисттик режимдин 14-каналы Тель-Авивде жана анын тегерегиндеги ондогон конуштарда коңгуроо кагылганын кабарлады.

Телеканал бул коңгуроолордун Йеменден Израилдин борборун көздөй бир нече ракета учурулганына байланыштуу берилгенин билдирди.

Буга байланыштуу сионисттик армия да Йеменден учурулган бир ракетаны кармаганын билдирди.

Сионисттик маалымат каражаттары да бул ракеталык чабуулдун натыйжасында Тель-Авивдеги Бен Гурион аэропорту жабылганын кабарлашты.