Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктурганы тастыкталган адамдардын саны 5208ге жетип, алардын 2476сы каза болду.
Бул тууралуу бейшемби күнү Конго Демократиялык Республикасынын Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча улуттук институту (INSP) билдирди.
INSPтин күнүмдүк отчетунда белгиленгендей, акыркы 24 сааттын ичинде Эбола вирусун жуктурган дагы 103 учур катталып, 35 адам оорудан каза болгон. Ошондой эле 24 бейтап айыгып чыккан.
«Ошентип, эпидемия башталгандан бери ооруну жуктургандардын жалпы саны 5208 адамга, каза болгондордун саны 2476 адамга жетти», — деп айтылат отчетто.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Конго Демократиялык Республикасына медицина кызматкерлерин коргоо жана клиникалык сыноолорду өткөрүү максатында Эболага каршы Ervebo вакцинасынын 70 миң дозасы берилерин билдирген.
Эбола вирусунун эпидемиясы 15-майда жарыяланган. Бул эпидемия буга чейинки Эбола вирусунун көпчүлүк очокторунан айырмаланат. Анткени бул жолу вирустун Бундибугио деп аталган жаңы штаммы тараган жана ага каршы расмий жактырылган вакцина же дарылоо ыкмалары азырынча жок.