30
Конго Демократиялык Республикасында (КДР) Эбола вирусун жуктурганы тастыкталган адамдардын саны 8 978ге жетти, ал эми каза болгондордун саны 4 336га чейин өстү. Бул тууралуу өлкөнүн Байланыш министрлиги маалымдады.
15-майда жарыяланган эпидемия жети провинциядагы 65 районду камтыды. Жалпысынан 2 356 адам айыгып чыкты. Өлүм көрсөткүчү 48,3 пайызды түзөт.
Акыркы суткада дагы 18 адам айыгып чыкты. Бас-Уэле, Түштүк Киву жана Түштүк Убанги провинцияларында жаңы тастыкталган учурлар катталган жок.
Саламаттык сактоо органдарынын маалыматына ылайык, эпидемияга Эбола вирусунун «Бундибуджо» варианты себеп болгон. Бул вариантка каршы азырынча расмий бекитилген вакцина же дарылоо ыкмасы жок.