Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин, ошондой эле Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, беш негизги натыйжаны атады.
Анын айтымында, кабыл алынган чечимдер ШКУну институционалдык жактан реформалоо, коопсуздуктун жаңы механизмдерин түзүү, Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча иштерди илгерилетүү, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана жасалма интеллекттен тартып климаттык жана энергетикалык күн тартибине чейинки жаңы багыттар боюнча иш алып барууну камтыйт.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана «ШКУ+» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу аяктады.
Саммит ШКУнун 25 жылдыгына арналган жылдын негизги окуясы болуп, «25 жыл ШКУ: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана бакубатчылыкка биргеликте» деген ураандын алдында өткөн Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды.
Мүчө мамлекеттер Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктарына жана өлкөбүздүн Уюмдун эл аралык кадыр-баркын бекемдөөгө, анын ишмердигин өркүндөтүүгө жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымына жогору баа беришти.
Саммиттин жыйынтыгында 28 документ кабыл алынып, кол коюлду. Алардын ичинен беш негизги жыйынтыкты белгилеп кетким келет.
- Негизги саясий документ — ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы болду. Анда мүчө мамлекеттердин негизги эл аралык жана аймактык маселелер боюнча макулдашылган позициялары чагылдырылып, Уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталды;
- ШКУнун институционалдык реформасы боюнча маанилүү кадам жасалды. Мамлекет башчылары Уюмдун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколго кол коюшту. Бул документ кызматташтыктын кыйла натыйжалуу жана ийкемдүү моделине укуктук негиз түзөт;
- Коопсуздук архитектурасы бекемделди. Ташкент шаарындагы Коопсуздукка чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борбордун жана Душанбе шаарындагы ШКУнун Баңгизаттарга каршы борборунун ишин жөнгө салган документтер бекитилди. Кыргызстан үчүн Бишкек шаарында трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун ишин жайылтуу өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз тарап анын толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон инфраструктураны даярдоону аяктады;
- Экономикага, инвестицияларга, өнөр жай кооперациясына жана транспорттук өз ара байланыштарды өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурулду. Мүчө мамлекеттер ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча ишти мындан ары улантууну колдошту. Консультацияларды кыска мөөнөттө аяктоо пландалууда. Андан соң уюштуруу документтерине кол коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жаңы каржы институту ири инфраструктуралык, транспорттук жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө тийиш;
- Кызматташтыктын жаңы багыттары боюнча чечимдердин комплекси кабыл алынды. Алар жасалма интеллект, климат, энергетика, маалыматтык коопсуздук, портторду жана логистикалык борборлорду өнүктүрүү, синтетикалык баңгизаттарга каршы күрөшүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу сыяктуу багыттарды камтыйт.
Документтердин пакетине ошондой эле ШКУнун «Жашыл технологиялар коридорун» түзүү жана өзөктүк коопсуздук жаатындагы көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча чечимдер кирди. Уюмдун Африка союзу менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү чечими кабыл алынды.
Өзүнчө символдук окуя катары Кыргызстандын тоолорундагы чокулардын бирине «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» деген ат берилишин белгилөөгө болот.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-августундагы №306 Жарлыгы менен «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркындагы бийиктиги 4050 метр болгон аталышы жок чокуга «ШКУнун чокусу» деген ат берилди.
Ал элдерибиздин достугунун жана тынчтык менен бакубатчылыкка болгон жалпы умтулуубуздун символу болот деп ишенем.
Саммиттин алкагында БУУнун адилеттүү дүйнөлүк тартипти орнотуудагы ролу жана көп уюлдуу дүйнөнү калыптандыруу маселелерине арналган «ШКУ+» жолугушуусу да болуп өттү.
Катышуучулар БУУнун борбордук координациялоочу ролун бекемдөөнү, анын Уставын жана эл аралык укукту сактоону жакташты. Ошондой эле көп уюлдуу дүйнөнү эгемендүү теңдик, коопсуздуктун бөлүнгүс принциби жана бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын урматтоо негизинде куруунун зарылдыгын белгилешти.
Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын мезгилинде 200гө жакын иш-чара өткөрүлүп, алардын 50дөн ашыгы жогорку деңгээлде түздөн-түз биздин өлкөдө өттү.
Биз төрагалык конкреттүү практикалык натыйжаларды берүүгө, уланмалуулукту камсыз кылууга жана мүчө мамлекеттердин бардыгынын кызыкчылыктарын эске алууга тийиш деген принципти жетекчиликке алдык.
Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалык Пакистан Ислам Республикасына өтүп жатат. Пакистандык кесиптештерди куттуктап, аларга ийгиликтүү жана натыйжалуу иш каалайм.
Кыргызстан Бишкекте кабыл алынган чечимдерди мындан ары ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө жана коопсуздукту бекемдөө, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин элдеринин бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча ишти улантууга даяр.