Үй ДайджестКөчмөндөр даамы: 15 өлкөнүн ашпозчулары “Көчмөндөр ашканасында” чогулду

Көчмөндөр даамы: 15 өлкөнүн ашпозчулары “Көчмөндөр ашканасында” чогулду

by Kanykey

Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасындагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук спорттун түрлөрү менен гана чектелбестен, көчмөн элдердин байыркы маданиятын, салтын жана улуттук ашканасын дүйнөгө тааныткан ири борборго айланды.

Бул ири иш чаранын алкагындагы маанилүү жаңылыктардын бири – биринчи жолу уюштурулган “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” эл аралык фестивалы жана анын алкагындагы чет өлкөлүк ашпозчулардын катышуусу болду. Кырчын жайлоосунда кыргыздын байыркы рецепттери гана жанданбастан, дүйнөлүк деңгээлдеги кулинардык маданияттардын кездешүүсү орун алды.

Эл аралык кулинардык мелдешке дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген 15 белгилүү шеф-ашпозчу катышты. Алардын катарында Канада, Улуу Британия, Монголия, Түркия, Сауд Арабиясы, Молдова, Азербайжан, Грузия, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Россиядан келген ашкана чеберлери болду.

Ашпозчулардын таймашына биринчи айым Айгүл Жапарова да катышты.

Мелдешке катышкан эл аралык шеф-ашпозчулар Кырчындагы атайын сахнада жандуу отко, казандарда жана таштарда тамак жасап ат салышты. Алар көчмөн тамактарын заманбап ресторандык үлгүдө тартуулоо боюнча күч сынашышты.

Чет элдик ашпозчуларга берилген өзгөчө тапшырмалар кыргыздын улуттук тамактарын жасоо болду. Сынактын эрежеси боюнча, ашпозчулар кыргыздын салттуу даамдарын жасап көрүүгө милдеттендирилген.

Фестивалдын биринчи күнү ашпозчулар улуттук ашкананын эң татаал жана кылдаттыкты талап кылган тамактары менен иштешип, кыргыздын каада-салттуу быжы тамагын жасашты. Алар ичегиге кан, эт, күрүч жана ар кандай татымдарды аралаштырып куюп, аны ачык отто бышыруунун көчмөн ыкмаларын өздөштүрүштү.

Экинчи күнү өткөн мелдеште эң башкы орунга көчмөндөрдүн негизги азыгы – эт жана аны отко кууруу өнөрү коюлду. Мында заманбап куурдак бышырылып, катышуучулар кыргыздын байыркы куурдак тамагын өздөрүнүн улуттук стили менен айкалыштырып жасашты. Этти казанга, жандуу отко кууруп, ага ар бир өлкөнүн ашпозчусу өз өлкөсүнөн ала келген өзгөчө татымдарды жана соустарды кошуп, автордук куурдактарды тартуулашты.

Мындан тышкары, 15 өлкөнүн ашпозчулары биргелешип жасаган, бийиктиги 2 метрлик, салмаагы 220 килограммдык эл аралык этно-торт жасалды. Торт жети кабаттан туруп, Кыргызстандын 7 облусун символдоштурган. Анын ар бир кабаты тоолор, карагайлуу токойлор, бүркүт жана тоо теке сыяктуу улуттук табияттын элементтери менен кооздолгон. Ал эми эң чокусуна көчмөн маданиятынын символу болгон ак илбирске окшоштурулган фигура коюлган. Бул өзгөчө торт ошол эле күнү келген конокторго таратылды. Аталган тортту “Konti Pastry” кондитердик командасы 4-5 күндүн ичинде даярдап чыгышкан.

Мелдеш дагы деле улантылып жатат.

Жарым финалчылардын тизмеси:

1. Акбар Асылбеков (Кыргызстан).
2. Тимофей Кобетяк (Россия).
3. Фейруз Дадашов (Азербайжан).
4. Батыр Хандурдыев (Түркмөнстан).
5. Тарон Агабабян (Армения).
6. Эржан Келес (Түркия).
7. Юлдуз Эргашева (Өзбекстан).
8. Саид Рощаев (Казакстан).
9. Гонгоржав Адилбиш (Монголия).

Улуу Британия, Канада, Грузия, Филиппиндер жана Палестинадан келген чеберлер турнирден чыгып кетишти.

Жеңүүчү бүгүн, 5-сентябрда чоң финалдан кийин жарыяланат. Мында катышуучулар бүтүн козунун этинен этникалык тамак жасашы керек болот.

Турдайым Кожомбердиева
Кырчын жайлоосу.