Лула да Силва жарактуу добуштардын 51,78 пайызын алды, ал эми анын атаандашы Флавиу Болсонару 48,22 пайыз добушка ээ болду.
Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва кайрадан шайланып, мамлекет башчысы катары төртүнчү мөөнөткө кызматка киришет.
Бразилиянын Жогорку шайлоо сотунун (TSE) маалыматына ылайык, шайлоонун экинчи айлампасында бюллетендердин 99,98 пайызы эсептелди. Лула да Силва жарактуу добуштардын 51,78 пайызын алса, анын атаандашы Флавиу Болсонару 48,22 пайыз добуш топтоду.
Эмгекчилер партиясынын (PT) талапкери Лула да Силва 4-октябрда өткөн биринчи айлампада жарактуу добуштардын 45,16 пайызын алган. Сенатор Болсонару болсо 47,03 пайыз добуш менен биринчи орунга чыккан.
Лула да Силва 1985-жылдан бери Бразилияда биринчи айлампада экинчи орунду ээлеп, бирок экинчи айлампада жеңишке жеткен алгачкы талапкер болду.
Сан-Паулудагы жеңишке арналган сөзүндө 80 жаштагы Лула да Силва өлкөдөгү саясий бөлүнүүгө карабастан, бардык бразилиялыктардын жыргалчылыгы үчүн иштей турганын билдирди.
«Шайланган президентти баары эле жакшы көрүүгө милдеттүү эмес. Бирок ал өлкөнү бардыгынын кызыкчылыгы үчүн башкарсын деп шайланды», — деди ал Конституцияны сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп.
Шайлоо өнөктүгүндө жашоо наркы, коомдук коопсуздук, коррупция жана Бразилиянын тышкы саясаты негизги темалардан болду. Өзгөчө АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын администрациясы менен болгон чыңалган мамилелерге көңүл бурулду.
Заводдогу жумушчудан президентке чейин
Лула да Силва 1945-жылдын 27-октябрында Бразилиянын түндүк-чыгышындагы Пернамбуку штатында төрөлгөн. Ал жакырчылыкта чоңоюп, үй-бүлөсү менен Сан-Паулуга көчүп барган жана жаш кезинен эле иштей баштаган.
Металл иштетүү тармагында кесиптик билим алган Лула да Силва өндүрүштөгү кырсыктан улам бир манжасынан ажыраган.
Аскердик диктатура мезгилинде ал профсоюздук кыймылга кошулуп, кийин Сан-Паулуга жакын жайгашкан өнөр жай борбору Сан-Бернарду-ду-Кампудагы металлургдардын профсоюзун жетектеген.
1970-жылдардын аягында Лула да Силва ири иш таштоолорду жетектеп, өлкө боюнча таанымал боло баштаган. 1980-жылы ал профсоюз активисттерин, солчул интеллигенция өкүлдөрүн жана аскердик башкарууга каршы чыккандарды бириктирген Эмгекчилер партиясын негиздеген.
1986-жылы Лула да Силва Конгресске шайланган. Ал 1989, 1994 жана 1998-жылдары президенттикке талапкерлигин койгон, бирок жеңишке жеткен эмес. 2002-жылдагы шайлоодо жеңип чыгып, 2003-жылдын январында президенттик кызматка киришкен.
Лула да Силванын президенттик кызматтагы алгачкы эки мөөнөтүндө экспорт жана экономикалык өсүш көбөйгөн. «Болса Фамилиа» сыяктуу социалдык программалардын аркасында миллиондогон аз камсыз болгон үй-бүлөлөр материалдык жардам алышкан. Жакырчылыктын деңгээли кыйла төмөндөгөнү менен, анын администрациясы жогорку кызматтагы аткаминерлер жана депутаттар катышкан коррупциялык жаңжалдарга да туш болгон.
Бразилиянын Конституциясы президенттин катары менен эки мөөнөттөн ашык кызматта болушуна жол бербейт. 2010-жылдагы шайлоодон кийин Лула да Силванын ордуна анын саясий өнөктөшү Дилма Руссефф келген. Ал Лула да Силванын тушунда энергетика министри, кийин өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп иштеген.
Түрмөгө камалышы жана саясатка кайтып келиши
Лула да Силванын саясий карьерасы саясатчылар менен ишкерлер пара алуу жана акчаны адалдоо боюнча айыпталган ири масштабдуу «Лава-Жато» («Автомойка») аттуу коррупцияга каршы иликтөөнүн жүрүшүндө коркунучка кабылган.
Лула да Силва коррупция жана акчаны адалдоо боюнча күнөөлүү деп табылган. 2018-жылдын апрелинде ал түрмөгө камалып, ошол эле жылы өткөн президенттик шайлоого катыша алган эмес.
Түрмөдө 580 күн өткөргөндөн кийин, 2019-жылдын ноябрында ал эркиндикке чыккан.
2021-жылы Бразилиянын Жогорку соту Лула да Силвага чыгарылган айыптоо өкүмдөрүн жокко чыгарган. Сот иштерди караган сот тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болбогонун белгилеген. Ошондой эле сот ошол кездеги судья Сержиу Мору соттук териштирүүлөрдүн биринде бир жактуулук көрсөткөнүн аныктаган. Бул чечимдердин натыйжасында Лула да Силва саясий укуктарын кайра калыбына келтирген.
2022-жылдагы шайлоодо ал ошол кездеги президент Жаир Болсонаруну аз гана айырма менен жеңип, жарактуу добуштардын болжол менен 50,9 пайызын алган. Ошентип, Лула да Силва үчүнчү жолу өлкө башчысы болгон.
2023-жылдын январындагы инаугурация аземинен бир жума өткөндөн кийин, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аракеттенген Болсонарунун тарапташтары Конгресстин, Жогорку соттун жана президенттик сарайдын имараттарына чабуул коюшкан.
Үчүнчү мөөнөтү жана ички саясат
Үчүнчү мөөнөтүндө Лула да Силва жакырчылыкты кыскартууга, социалдык чыгымдарга, мамлекеттик инвестицияларга жана айлана-чөйрөнү коргоого артыкчылык берип, ошол эле учурда каржылык туруктуулукту сактоого аракет кылды.
Өкмөт социалдык колдоо программаларын кеңейтип, эмгек акыны жана жумуш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууга багытталган чараларды кабыл алды. Бирок жашоо наркынын кымбатташы, мамлекеттик чыгымдар жана зордук-зомбулук менен коштолгон кылмыштуулук боюнча тынчсыздануулар Лула да Силванын популярдуулугуна терс таасирин тийгизди.
Өкмөткө Конгресс аркылуу мыйзамдарды кабыл алуу кыйын болду. Анткени анда борборчул жана консервативдүү партиялар чоң таасирге ээ.
Төртүнчү мөөнөткө шайлоо өнөктүгүндө Лула да Силва «Болса Фамилиа» программасын улантууга, жеткиликтүү баадагы турак жайлардын санын көбөйтүүгө, мамлекеттик саламаттык сактоо жана билим берүү системаларын чыңдоого убада берди.
Анын экономикалык убадаларынын арасында жогорку кирешелүү адамдарга салыктарды көбөйтүү, инфраструктурага инвестиция салууну улантуу, ата мекендик өндүрүштү колдоо жана минималдуу эмгек акыны жогорулатуу бар.
Лула да Силва ошондой эле эмгек акыны кыскартпастан, жумуш жумасын 44 сааттан 40 саатка чейин кыскартуу жөнүндө мыйзам кабыл алууга аракет кылды. Конституцияга киргизилген өзгөртүү 16-октябрда күчүнө кирип, анын жоболору 14 айдын ичинде этап-этабы менен ишке ашырылат.
Айлана-чөйрөнү коргоо да Лула да Силванын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Ал 2030-жылга чейин токойлордун кыйылышын токтотууга убада берген. Ошол эле учурда мунай жана жаратылыш газ кендерин өздөштүрүүнү колдоону улантууда.
Ошол эле учурда шайлоодогу жеңиш анын партиясы Конгрессти көзөмөлдөйт дегенди билдирбейт. Салык реформасы, социалдык чыгымдар, коомдук коопсуздук чаралары жана экологиялык мыйзамдар боюнча убадаларын аткаруу үчүн Лула да Силванын өкмөтүнө башка партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө туура келиши мүмкүн.
Тышкы саясат жана аймактагы таасири
Лула да Силва БРИКС алкагында өнүгүп келе жаткан экономикалар менен кызматташтыкты бекемдөөгө, Кытай менен мамилелерди тереңдетүүгө жана Бразилиянын эл аралык аренадагы дипломатиялык ролун жогорулатууга умтулуп келди.
Газадагы Израилдин аскердик операцияларын сындап, Палестинанын мамлекеттүүлүгүн колдогон Лула да Силва эл аралык жаңжалдарды сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө чакырат.
АКШ президенти Дональд Трамп Бразилиянын товарларына бажы төлөмдөрүн киргизип, мурдагы президент Жаир Болсонаруну ачык колдогондон кийин Вашингтон менен мамилелер курчуду.
Лула да Силва АКШны Бразилиянын ички иштерине кийлигишип жатат деп айыптап, шайлоо өнөктүгүндө улуттук эгемендүүлүктү негизги темалардын бирине айлантты.
Лула да Силванын жеңиши Латын Америкасынын көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Чилиде, Колумбияда жана Перуда консервативдүү өкмөттөр бийликте турган мезгилге туш келгени менен өзгөчө мааниге ээ. Бул өкмөттөрдүн айрымдары Трамп менен тыгыз мамиле түзүүгө умтулууда.
Тажрыйбалуу саясатчынын жаңы төрт жылдык мөөнөтү 2027-жылдын 5-январында башталат.