Үй АНАЛИТИКАМекке келишимине кимдер кошула алат?

Мекке келишимине кимдер кошула алат?

by Kanykey

Пакистандын Москвадагы элчиси Файсал Нияз Тирмизи Мекке келишимине каалаган өлкө, анын ичинде Иран да кошула аларын билдирди. Бул тууралуу ал ТАСС агенттигине берген маегинде айтты.

Дипломаттын айтымында, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф аймактагы башка мамлекеттер келишимге кошулууну кааласа, аларды альянста көрүүгө даяр экендиктерин билдирген.

«Аймактагы каалаган өлкө, бардык мамлекеттер кошула алат. Бул толугу менен ачык-айкын. Альянс тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөн, кимдир бирөөгө каршы агрессия жасоо үчүн эмес», — деди Тирмизи.

Мекке келишимине 7-августта Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауд, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф кол коюшкан.

Келишимге ылайык, ага катышкан мамлекеттердин бирине жасалган кол салуу бардык катышуучуларга каршы агрессия катары каралат. Ошондой эле келишимдин негизги максаты аймактагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө экени белгиленген.

Буга чейин Түркиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Зеки Актүрк Түркия-Пакистан-Сауд Арабиясынын коргонуу альянсы башка өлкөлөрдүн келишимге кошулуу боюнча арыздарын карап чыгышы мүмкүн экенин билдирген.

Египет учурда Пакистан, Сауд Арабиясы жана Түркия кол койгон Мекке келишимине кошулуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатканын Тышкы иштер министри Бадр Абдель Атти билдирди.

«Бул маселе боюнча бизде бир аз ойлор бар, бирок алгач маселени ар кандай көз караштардан, анын ичинде юридикалык жана техникалык аспектилеринен карап чыгышыбыз керек», – деди Абдель Ати түркиялык кесиптеши Хакан Фидан менен Египеттин Эль-Аламейн шаарында биргелешкен маалымат жыйынында.

Ошол эле учурда Египеттин тышкы иштер министри Каир коргонуу келишимине катышкан бардык өлкөлөр менен «тыгыз байланышта жана дайыма координацияда» экенин белгилеген.

Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи “Мекке келишими” мамлекеттер коопсуздук маселелеринде өздөрүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүнө таянууну чечкенин ачык көрсөтүп турганын билдирген.