Оглавление
Төрөлө электе эле радиациянын таасирине кабылган «хибакуся» Дзиро Хамасуми Хиросимага атомдук бомба ташталган күндүн 81 жылдыгында ядролук куралды толугу менен жок кылууга чакырды
Хиросимага атомдук бомба ташталганына 81 жыл өтсө да, адамзат бүгүнкү күндө дагы ядролук курал колдонулушу мүмкүн болгон кооптуу кырдаалда жашап жатат. Атомдук жардыруудан аман калгандар дүйнөдөгү бардык ядролук курал толугу менен жок кылынганда гана өздөрүн коопсуз сезе алышат.
Бул тууралуу Хиросимага атомдук бомба ташталган күндүн жылдыгына карата «Анадолу» агенттигине берген маегинде Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон Япониянын атомдук жана суутек бомбаларынан жабыркагандардын уюмдарын бириктирген «Нихон Хиданкё» (Nihon Hidankyo) конфедерациясынын башкы катчысы Дзиро Хамасуми билдирди.
Анын айтымында, атомдук жардыруудан аман калган адамдардын күбөлүктөрү ядролук куралдын адамзаттын келечеги менен эч качан шайкеш келбей турганын эске салган эң маанилүү далил бойдон калууда.
«Мен атомдук бомбанын курмандыгы төрөлө электе эле болгом»
Хамасуми өзүнүн «ичте жаткандагы хибакусялардын» катарына кирерин айтты. Бул — энесинин боюнда кезинде эле радиациянын таасирине кабылган адамдар.
1945-жылдын 6-августунда Хиросимага атомдук бомба ташталган учурда анын апасы кош бойлуулуктун үчүнчү айында болгон. Атасы ошол күнү эртең менен жарылуунун очогунан болжол менен 500 метр алыстыкта жайгашкан ишканага жумушка кеткен бойдон кайра үйүнө кайтып келген эмес.
Хамасуми Хиросима менен Нагасакиге жасалган атомдук соккулар тарыхта биринчи жолу ядролук куралдын кандай коркунучтуу кыйратуучу күчкө ээ экенин дүйнөгө көрсөткөнүн белгиледи.
«Бир эле көз ирмемде Япониянын эки шаары сокку толкуну, өтө жогорку температура жана радиациянын таасиринен кыйрады. 1945-жылдын аягына чейин Хиросимада болжол менен 140 миң, Нагасакиде 70 миңдей адам каза болгон», — деди ал.
Анын айтымында, курман болгондордун арасында балдар, аялдар жана улгайган адамдар өзгөчө көп болгон.
«Көптөгөн адамдар жыгач имараттар менен кошо күйүп кетишкен. Алар адам эмес, курулуш материалынын бир бөлүгү сыяктуу жок болушкан», — деп эскерди Хамасуми.
Ал согуштан кийин атомдук жардыруудан аман калгандар көп жылдар бою жетиштүү колдоосуз калганын айтты.
«Япония оккупацияланган алгачкы он бир жылдан ашык убакыт ичинде атомдук бомба тууралуу маалыматтар катуу цензурага алынган. Эл оорулардан, жакырчылыктан, басмырлоодон жана коомдогу терс көз караштардан жапа чеккен. Кийин алардын көбү лейкемиядан жана ар кандай рак ооруларынан каза болушкан. Хибакусялар кадимки адамдардай жашоо да, каза болуу да мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган», — деди ал.
Хамасуми атомдук жардыруулардын кесепети бүгүнкү күнгө чейин жабыркагандардын ден соолугуна жана психологиялык абалына таасирин тийгизип келерин белгиледи.
«Ядролук курал адамзаттын жашоосу менен эч качан сыйышпайт. Бул — адамзатка каршы багытталган, абсолюттук жамандык болуп эсептелген курал. Эч кандай шартта бир дагы ядролук бомба колдонулбашы керек. Дүйнөдөгү бардык ядролук курал толугу менен жок кылынмайынча, хибакусялар өздөрүн коопсуз сезе алышпайт», — деди ал.
«Хибакусялардын күбөлүктөрү дүйнөнүн ядролук куралга болгон көз карашын өзгөрттү»
Хамасуми «Нихон Хиданкё» уюму 1956-жылы Нагасаки шаарында түзүлгөнүн жана бүгүнкү күнгө чейин атомдук жардыруулардын курмандыктарын эскерүү иштерин жүргүзүп келе жатканын айтты.
Уюмдун түзүлүшүнө 1954-жылы Бикини атоллунда болгон окуя түрткү болгон. Анда америкалык суутек бомбасын сыноодон кийин жапон балык уулоочу кемеси радиоактивдүү жаандын алдында калган.
Экипаж мүчөлөрүнүн биринин каза болушу жана ууланган балыктардын табылышы Японияда атомдук жана суутек куралдарын тыюу салууну талап кылган ири коомдук кыймылдын башталышына себеп болгон.
Хамасуминин айтымында, бул талапты колдогон петицияга 30 миллиондон ашуун адам кол койгон.
Андан кийин Хиросимада атомдук жана суутек куралдарына каршы биринчи дүйнөлүк конференция өткөрүлүп, анда атомдук жардыруудан аман калгандар өз башынан өткөргөн окуяларды биринчи жолу ачык айтып беришкен.
«Дал ошол учурда хибакусялар биринчи жолу үн катууга кайрат табышкан», — деди ал.
Бир жылдан кийин Нагасакиде өткөн экинчи дүйнөлүк конференцияда «Нихон Хиданкё» уюму түзүлгөн.
Уюм өзүнүн биринчи декларациясында «өздөрүнүн кайгылуу тажрыйбасына таянып, адамзатты чоң коркунучтан сактап калууга аракет кыларын» жарыялаган.
«Ондогон жылдардан бери биз дүйнөгө жаңы атомдук жардыруулардын курмандыктары жаралбашы жана ядролук курал толугу менен жок кылынышы керек деген чакырыкты айтып келебиз», — деди Хамасуми.
Анын айтымында, уюмдун ишмердүүлүгү ядролук куралдын гуманитардык кесепеттерин дүйнөлүк деңгээлде таанытууга жана аны тыюу салуу боюнча кыймылдын чыңдалышына чоң салым кошту.
Хиросима жана Нагасакинин күбөлөрүнүн баяндары дүйнөдө «ядролук курал эч качан кайра колдонулбашы керек» деген түшүнүктүн калыптанышына өбөлгө түзгөн.
«Бүгүн дүйнө кайрадан ядролук курал колдонулуу коркунучуна жакындады»
Хамасуминин айтымында, ондогон жылдар өтсө да, дүйнө ядролук куралдан толук арылган жок.
Ал Россия менен Украинанын ортосундагы согуш, Израилдин Газа секторуна жасаган чабуулдары жана АКШнын Иранга урган соккуларынан кийин дүйнөдө кайрадан ядролук курал колдонулушу мүмкүн деген коркунуч күчөгөнүн белгиледи.
«Бүгүн согуштар ядролук тоскоолдук жана ядролук куралга ээ болуу түшүнүгү менен коштолуп жатат. Дүйнө кайрадан аны колдонуу коркунучуна өтө жакын келди», — деди ал.
Анын айтымында, эң ири ядролук державалар өз арсеналдарын мындан ары да өркүндөтүп жатышат, ал эми эл аралык коопсуздук келишимдери барган сайын олуттуу сыноого туш болууда.
«Хибакусялар атомдук бомба колдонулгандан кийин эмне болорун өз көзү менен көргөн адамдар. Биз 80 жылдан ашуун убакыт өтсө да анын кесепети менен жашап келебиз. Ошондуктан дүйнөгө дагы бир жолу кайрылабыз: ядролук курал адамзаттын жашоосу менен сыйышпайт», — деп баса белгиледи Хамасуми.
Ал ядролук куралга ээ мамлекеттерди жана алардын союздаштарын Ядролук куралга тыюу салуу жөнүндө келишимге кошулууга жана согушсуз, ядролук куралсыз дүйнөнү куруу үчүн реалдуу кадамдарды жасоого чакырды.
Үмүт — жаш муунда
Хамасуми бүгүнкү дүйнө жаңы согуштардын гана эмес, тарыхты бурмалоо аракеттеринин да алдында турганын айтты.
Ал социалдык тармактарда жалган маалыматтардын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирип, айрым адамдар Хиросима менен Нагасакиге атомдук бомба ташталган эмес деген туура эмес түшүнүккө ишенип калышы мүмкүн экенин белгиледи.
Ошол эле учурда ал COVID-19 пандемиясы учурунда дал жаштар трагедия тууралуу тарыхый эстутумду сактап калууга чоң салым кошконун белгиледи.
«Пандемия маалында жаштар онлайн жолугушууларды уюштурушту. Ошонун аркасында биз мектеп окуучулары жана студенттер менен байланышып, башыбыздан өткөргөн окуяларды айтып бере алдык. 2020-жылы интернет аркылуу элүүдөн ашуун окуучу жана студент менен жолуккам. Бул мага абдан чоң таасир калтырды», — деди ал.
Анын айтымында, жаштар заманбап технологияларды бат өздөштүрүп, сөздөн ишке тез өтө алышат.
«Бүгүнкү күндө барган сайын көбүрөөк жаштар тынчтыкты чыңдоого багытталган демилгелерге катышууда. Биз мектеп окуучуларынан тартып студенттерге чейинки жаштардын сезимталдыгына, күч-кубатына жана аракетчилдигине чоң үмүт артабыз», — деди ал.
Хамасуми согуш жана атомдук жардыруулар миңдеген жаштардын өмүрүн алып, алардын кыялдары ишке ашпай калганын эске салды.
«Биз хибакусялардын күбөлүктөрү аркылуу жөнөкөй бир чындыкты жеткиргибиз келет: жаштардын кыялдары менен үмүттөрүн ишке ашырууга тынчтык гана мүмкүнчүлүк берет», — деп жыйынтыктады ал.

Хиросима менен Нагасакиге атомдук бомба ташталганына 81 жыл
1945-жылдын 6 жана 9-августунда АКШнын Куралдуу күчтөрү Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына атомдук бомбаларды таштаган. Бул тарыхтагы ядролук куралдын согуштук максатта колдонулган биринчи жана азыркыга чейин жалгыз учур болуп эсептелет.
6-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:15те америкалык B-29 бомбалоочу учагы Хиросимага кубаттуулугу 13–15 килотоннага барабар болгон Little Boy («Бөбөк») атомдук бомбасын таштаган.
Жардыруунун кесепетинен шаар чоң кыйроого учурап, 1945-жылдын аягына чейин курман болгондордун саны болжол менен 140 миң адамга жеткен. Тирүү калгандардын көбү кийин радиациянын кесепеттеринен каза болушкан.
9-август күнү саат 11:02де дагы бир B-29 учагы Нагасаки шаарына кубаттуулугу болжол менен 21 килотонна болгон Fat Man («Толмоч») атомдук бомбасын таштаган.
Жардыруудан алгачкы күндөрү эле болжол менен 40 миң адам каза болуп, 1945-жылдын аягына карата курмандыктардын саны 70 миңге жеткен. Кийинки ондогон жылдарда тирүү калгандардын көбү рак жана башка радиациялык ооруларга кабылышкан.
Японияда атомдук жардыруудан аман калгандар «хибакуся» деп аталат. Алар көп жылдан бери тарыхый эстутумду сактоо жана ядролук куралдан толук баш тартуу үчүн күрөшүп келишет.
Япон жана эл аралык изилдөөчүлөрдүн баалоосу боюнча, курман болгондордун так санын аныктоо мүмкүн эмес. Анткени бул көрсөткүчкө жардыруу учурунда каза болгондор менен бирге кийинки жылдары радиациянын кесепеттеринен көз жумгандар да кирет.
2024-жылдын 11-октябрында Норвегиянын Нобель комитети Япониядагы атомдук жардыруудан аман калгандардын уюмдарын бириктирген «Нихон Хиданкё» конфедерациясына Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгын ыйгарган. Сыйлык уюмга «ядролук куралсыз дүйнөгө жетүүгө кошкон салымы жана ядролук курал эч качан кайра колдонулбашы керек экенин күбөлөрдүн баяндамалары аркылуу дүйнөгө жеткиргени үчүн» берилген.