Үй ДайджестНорвегиянын падышасы Харальд V дүйнөдөн кайтты

Норвегиянын падышасы Харальд V дүйнөдөн кайтты

by Kanykey

Норвегиянын падышасы Харальд V 89 жашында дүйнөдөн кайтканын чет элдик ЖМКлар падышалык үй-бүлөнүн билдирүүсүнө шилтеме берип жазышты.

Анын ордуна уулу, мураскер ханзаада Хокон тактыга отурат. Ал кийинчерээк падышалык ысымын тандап, ант берет.

Падыша бүгүн эртең менен Ослодогу ооруканада каза болгон. Ал 17-августта гемолитикалык анемиядан дарылануу үчүн ооруканага жаткырылган. Бейшемби күнү анын ден соолугунун абалы начарлап, өтө оор деп бааланып жатканы маалымдалган.

Харальд V 1937-жылдын 21-февралында ошол кездеги мураскер ханзаада Улафтын жана мураскер ханбийке Мартанын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Норвегия фашисттик Германия тарабынан оккупациялангандан кийин үй-бүлөсү Ослодон чыгып, Швецияда, АКШда жана Улуу Британияда жашаган.

Мекенине кайтып келгенден кийин ханзаада Харальд 1959-жылы Аскер академиясын аяктаган. Андан кийинки жылдары ал бир катар расмий жана өкүлчүлүк милдеттерди аткарып келген. 1991-жылы атасы Улаф V каза болгондон кийин падыша тактысына отурган.

Король Харальд V парустук спортко өзгөчө кызыккан. Ал өз командасы менен дүйнө жана Европа чемпионаттарында жеңиштерге жетишкен.

1968-жылы болочок падыша аристократиялык теги жок Соня Харальдсенге үйлөнгөн. Үй-бүлөдө эки бала — ханбийке Марта Луиза жана мураскер ханзаада Хокон бар.