Талибдер бул чечимди жарандардын психологиялык абалына кам көрүү менен түшүндүрүштү.
Ооганстандын бийлиги өлкө боюнча үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдык иш-чараларда фейерверк, петарда жана башка пиротехникалык каражаттарды колдонууга толугу менен тыюу салды. «Талибан» өкмөтү каттуу жарылуулардын үндөрү адамдарды коркутуп, тынчсызданууну жана психологиялык стрессти пайда кыларын билдирди. Бул тууралуу Pajhwok Afghan News маалымдады.
Тиешелүү буйрукту 27-октябрда Жакшылыкты жайылтуу жана жамандыктын алдын алуу министрлиги чыгарган.
Министрликте майрамдык иш-чаралар учурунда пиротехникалык каражаттарды колдонуу коомдук тынчтыкты бузуп, калк арасында дүрбөлөң жаратышы мүмкүн экенин түшүндүрүштү. Бул өзгөчө балдарга, аялдарга, улгайган адамдарга жана медициналык мекемелердеги бейтаптарга тиешелүү.
Министрликтин пикиринде, майрамдык иш-чаралар айланадагыларга ыңгайсыздык жана психологиялык дискомфорт жаратпастан, исламдын эрежелерине жана шариаттын принциптерине ылайык өткөрүлүшү керек.
Жаңы чектөөлөр пиротехникалык продукциянын жүгүртүлүшүнүн бардык баскычтарына — аны өндүрүүдөн жана Ооганстанга алып кирүүдөн тартып, сатууга, сатып алууга, таратууга жана түздөн-түз колдонууга чейин жайылтылат.
Бийлик дүкөн ээлерине, импорттоочуларга, өндүрүүчүлөргө жана соодагерлерге өзүнчө кайрылып, тыюу салынган буюмдарды жеткирүүдөн жана сатуудан баш тартууну талап кылды. Буйрукта фейерверктер менен петардалар гана эмес, адамдарда коркуу, тынчсыздануу же психологиялык стресс жаратышы мүмкүн болгон башка ушул сыяктуу каражаттар да камтылган.
Министрлик өлкө тургундарын жаңы талаптарды сактоого жана үй-бүлөлүк майрамдарда да пиротехникалык каражаттарды колдонбоого чакырды. Эрежелерди бузгандарга Ооганстандын колдонуудагы мыйзамдарына жана шариат нормаларына ылайык чаралар көрүлөт. Бирок кандай жаза каралары — айып пул салуу, товарды конфискациялоо же башка санкциялар — азырынча такталган жок.
Буга чейин пиротехниканы түнкүсүн колдонууга гана тыюу салынган
Бул Ооганстан бийлигинин пиротехникалык каражаттарды колдонууга чектөө киргизүүгө жасаган биринчи аракети эмес. Буга чейин өлкөнүн айрым шаарларында, анын ичинде Кабулда, саат 21:00дөн таңкы 7:00гө чейин петарда жана фейерверк атууга тыюу салынган.
Бирок Hasht-e Subh басылмасы жазгандай, бул чектөөлөр көп учурда сакталган эмес. Тургундар эс алууга тоскоол болуп, балдарды чочуткан катуу жарылуулардын үндөрүнө даттанышкан. Басылманын айрым маектештери петардалардын үнүн автоматтан атылган окко салыштырышкан. Ондогон жылдар бою куралдуу жаңжалдарды башынан өткөргөн өлкөнүн калкы үчүн мындай үндөр өзгөчө күчтүү тынчсызданууну жаратышы мүмкүн.
2026-жылдын апрелинде эле бийлик ишкерлерге «Талибан» жетекчилигинин петардаларды импорттоого, өндүрүүгө жана колдонууга жол бербөө тууралуу буйругун жеткирген. Азыркы чечимде аларды үйлөнүү үлпөттөрүндө жана башка майрамдарда колдонууга толук тыюу салуу өзүнчө бекитилди.
Аялдардын укуктары чектелип жаткан шартта алардын тынчтыгын коргоо жөнүндө маалымат
Пиротехникалык каражаттарга тыюу салуу тууралуу билдирүүдө Ооганстандын бийлиги аялдарды жана балдарды коркуудан жана психологиялык стресстен коргоонун зарылдыгын өзгөчө белгиледи.
Ошол эле учурда «Талибан» 2021-жылдын августунда бийликке кайтып келгенден кийин өлкөдө аялдардын укуктарына байланыштуу көптөгөн чектөөлөр киргизилген. Алардын ичинде кыздардын алтынчы класстан кийин окуусуна жана аялдардын жогорку билим алуусуна тыюу салуу да бар.
ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, 2026-жылдын августуна карата 2,6 миллиондон ашык ооган кызынын орто билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.
Мындан тышкары, жакында италиялык NOVE Caring Humans гуманитардык уюмунун жетекчиси Сусанна Фьореттинин айтымында, «Талибандын» айрым өкүлдөрүнүн кыздары кыздар үчүн уюштурулган жашыруун мектепке барып жүргөнү белгилүү болгон.
Ал Corriere della Sera басылмасына берген маегинде сабактар тигүүчү устакананын атын жамынып өткөрүлгөнүн айтып берген. Текшерүү болуп калса, окуу материалдарын тез эле жашырып коюуга мүмкүн болгон. Анын сөзүнө караганда, «Талибандын» айрым өкүлдөрү киргизилген тыюуларга карабастан, кыздарынын окуусун улантышын каалашкан.
Сүрөт: 2022-жылдын август айында америкалык аскерлердин чыгарылышынын биринчи жылдыгына карата «Талибандын» согушкерлери Кабулдун асманына фейерверк аткан. Сүрөт: AFP.