Үй КАБАРЛАРОренбургдагы суу ташкындын кесепети

Оренбургдагы суу ташкындын кесепети

by Kanykey

Россиянын Оренбург облусундагы Урал дарыясында суунун деңгээли 12-апрель күнү 11 метр 62 сантиметрге чейин жетти. Облус администрациясынын маалыматы боюнча, 12 миңден ашуун үй, 17 миң 203 короо-жай суу алдында калууда.

Оренбург облусунун жабыркаган райондорунан 10 миңден ашык киши коопсуз жактарга эвакуацияланды. 1,5 миңдей киши убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды.

Түштүк Уралдын аймактары быйыл болуп көрбөгөндөй суу ташкындарына дуушар болушту. Эң оор абал Оренбург облусунда.

Облуска федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Сүрөт: Известия