Орусиянын алдыңкы 50 жогорку окуу жайынын кеминде 47си студенттерди Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө үгүттөп жатат. Бул тууралуу «Новая Газета Европа» басылмасы билдирди.
Негизги багыт — учкучсуз системалардын аскерлери. Алдыңкы 50 окуу жайдын кеминде 46сында студенттер ушул багытта кызмат өтөөгө үгүттөлүүдө. Алардын 32синде учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) боюнча билим берүү программалары да бар.
Студенттерди башка аскердик түзүмдөргө да тартууда. Жогорку экономика мектеби (ЖЭМ), Орусиянын эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы (РЭМКА) жана Москва авиация институту (МАИ) борбор калаанын аба мейкиндигин коргоо үчүн БАРС «Москва» ыктыярдуу отрядына кошулууну сунуштоодо. Медициналык жогорку окуу жайлары, мисалы, Санкт-Петербург мамлекеттик педиатриялык медициналык университети, дарыгерлерди жана ординаторлорду кызматка чакырууда. Ал эми Казан федералдык университетинде студенттерди Коргоо министрлигинин Африка корпусу менен Африкага барууга үгүттөшүүдө.
«Новая Газета Европа» сурамжылаган укук коргоочулар белгилегендей, белгилүү бир өлкөлөр үчүн өзгөчө келишимдер жок. Ошондуктан Африкага жөнөтүлөт деп келишим түзгөн жаңы аскер кызматчыларынын ордуна Украинага жөнөтүлүп калышы мүмкүн.
Үгүт жүргүзүү ыкмалары сайттардагы жарнамалардан тартып түздөн-түз мажбурлоого чейин ар түрдүү. 44 окуу жайда келишим тууралуу маалымат ачык жеткиликтүү, 43үндө студенттерди тартуу иштери кампустарда жүргүзүлөт, дагы төртөөндө филиалдарында жүргүзүлүүдө.
Студенттерге «болгону бир жыл» кызмат өтөө, жогорку төлөмдөр жана карьералык мүмкүнчүлүктөр убада кылынат. Бирок укук коргоочулар бул Коргоо министрлигинин кадимки келишими экенин, ал кызматтан өз каалоосу менен бошонуу укугун бербей турганын жана сөзсүз түрдө дрон оператору болуп иштөөгө кепилдик бербестигин белгилешет.
ЖЭМде, Москва физика-техника институтунда (МФТИ) жана С. П. Королев атындагы Самара университетинде окуудан чыгарылуу коркунучунда турган студенттерге келишим түзүү «куткаруу жолу» катары сунушталууда. Санкт-Петербург мамлекеттик университети академиялык өргүү жана 50 миң рубль өлчөмүндө стипендия убада кылса, Новосибирск мамлекеттик техникалык университети кызматтан кийин бюджеттик орун берүүнү сунуштоодо.
«Новая Газета Европа» басылмасынын маалыматына ылайык, төрт окуу жайда милдеттүү квоталар да киргизилген. Плеханов атындагы Орусия экономика университети ай сайын эки студентти келишим түзүүгө жөнөтүүнү талап кылат. Новосибирск мамлекеттик техникалык университети согушка 140 адамды, ал эми Орусия мамлекеттик гуманитардык университети (РМГУ) 200 адамды тартууну пландаштырууда.
Ошол эле учурда университеттер студенттерди кызматка тартуу менен гана чектелбестен, согуш үчүн кадрларды да даярдап жатышат. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетинде студенттер диплом берилбей калышы мүмкүн деген коркутуунун алдында учкучсуз авиациялык системалар боюнча компетенциялар борборуна барууга милдеттендирилген.
МИФИде дрондорду чогултуу боюнча жайкы практика киргизилсе, Орусия мамлекеттик мунай жана газ университетинде негизги сабактардын ордуна учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруу боюнча сабактар өткөрүлө баштаган.
32 жогорку окуу жайда бул багыттагы атайын программалар — кыска мөөнөттүү курстардан тартып бакалавриат жана магистратурага чейин — иштеп жатат. Мисалы, Томск мамлекеттик университети «Учкучсуз авиациялык системалардын программалык жана аппараттык камсыздоосу» аттуу беш жылдык бакалавриат программасын ачкан. МИРЭА учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруу системалары боюнча адистикти, ал эми Түштүк федералдык университети корголгон учкучсуз системалар боюнча магистратура программасын ишке киргизген.
Ошол эле учурда үгүт иштеринин ыкмалары барган сайын ар түрдүү жана кылдат формага өтүүдө. ЖЭМ дрондор фестивалдарын өткөрсө, Уфа мамлекеттик мунай-техникалык университети студенттердин туугандарын да келишим түзүүгө тартууга чакырууда.
Санкт-Петербург мамлекеттик университети үгүт иштерин билим берүүнүн сапаты тууралуу анкеталарга киргизсе, Москва мамлекеттик юридикалык академиясы жаңы кызматка алынгандарды салтанаттуу узатуу иш-чараларын уюштурат. Менделеев атындагы Орусия химия-технология университети алардын жетишкендиктери тууралуу маалымат берип турат, ал эми Москва мамлекеттик лингвистика университети бул багыт үчүн сайтында атайын бөлүм ачкан.