Орусия Украинанын Каспий деңизиндеги ирандык соода кемесине жасаган чабуулун айыптап, аны Ирандын өзүнө каршы жасалган кол салуу катары баалай турганын билдирди.
«Киев режими Каспий деңизиндеги ирандык соода кемесине сокку урду. Бул — Иранга каршы жасалган чабуул», — деди шейшемби күнү Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Анын айтымында, бул окуя Украинадан келип чыккан «коркунучту» жоюунун канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат.
Өткөн дем алыш күндөрү жасалган соккунун натыйжасында соода кемесинде жарылуу болуп, анын кесепетинен ирандык бир деңиз аскери каза болуп, дагы бири оор жаракат алган.
Окуядан кийин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жогорку деңгээлдеги шашылыш дипломатиялык байланыштарды баштап, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча өкүлү Кая Каллас менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Аракчи Украинанын аскер күчтөрүнүн жарандык инфраструктурага жасаган соккуларын кескин айыптады. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин, Европа Биримдигин жана жалпы эл аралык коомчулукту Киевдин агрессиясын эч шартсыз айыптоого, ошондой эле чабуулга күнөөлүүлөрдү, аны уюштургандарды жана чет өлкөлүк колдоочуларын толук жоопкерчиликке тартууга чакырды.
Жекшемби күнү кечинде Аракчи Украина президенти Владимир Зеленскийди да кескин сынга алды.
«Зеленский ирандык соода кемесине кол салып, бир деңиз жоокеринин өмүрүн алды. Бул — Израилдин көрсөтмөсү менен Европаны согушка тартуу максатында жасалган жана БУУнун Уставын одоно бузган аракет», — деди ал.
Ошондой эле Аракчи Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болгон сүйлөшүүлөрүндө Киевдин аракеттери жоопсуз калбашы керек экенин баса белгилегенин айтты.
Мындан тышкары, Ирандын Тышкы иштер министрлиги Украинанын убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакырып, Киевдин аракеттерине байланыштуу расмий жана чечкиндүү нааразылыгын билдирди. Министрлик Иран жарандарынын өмүрүнө, мүлкүнө жана соода жолдоруна каршы жасалган кол салуулар кабыл алынгыс экенин дагы бир жолу белгиледи.