13
Пентагондун Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Жакынкы Чыгыштын картасын жарыялады. Анда Газа тилкеси жана Иордан дарыясынын Батыш жээги Израилдин аймагы катары көрсөтүлгөн.
Карта CENTCOM жетекчисинин аймакка болгон сапары тууралуу X социалдык тармагындагы билдирүүгө тиркелген.
Сүрөттө Палестинанын анклавы жана Иордан дарыясынын Батыш жээги Израилден чек ара сызыгы менен бөлүнгөн эмес.
Учурда Палестина мамлекетин 157 өлкө, анын ичинде Орусия тааныйт. Ал эми БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн ичинен Палестинаны тааныбаган жалгыз өлкө — АКШ.