Россиянын президенти Владимир Путин 9-октябрда Түркмөнстанга болгон сапарынын алкагында Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушат.
Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдирди.
«9-октябрдагы бардык иш-чаралар аяктагандан кийин Владимир Владимирович Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушат», — деди Ушаков.
Анын айтымында, Россия менен Ирандын президенттери Владимир Путин жана Масуд Пезешкиан Жакынкы Чыгыштагы курч кырдаалды жана эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашат.
Президенттин жардамчысы мамлекет башчыларынын буга чейинки жолугушуусу сентябрдын башында болгонун эске салды.
«Азыр кайрадан жолугушуу өткөрүү боюнча макулдаштык. Албетте, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери жана, албетте, Жакынкы Чыгыштагы курч кырдаал — талкуулана турган негизги темалар ушулар болот», — деди Ушаков.
Ирандын президенти Түркмөнстандагы КМШ саммитине биринчи жолу катышат.
“КМШнын тарыхында биринчи жолу Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан кеңейтилген форматтагы саммитке чакырылды; ал кийинчерээк экологиялык саммитке да катышат”, — деп билдирди Ушаков.
КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны 9-октябрда Каспий деңизинин чыгыш жээгиндеги, Түркмөнбашы шаарына жакын жайгашкан «Аваза» улуттук туристтик зонасында өтөт. Жыйын алгач тар чөйрөдөгү форматта башталып, андан соң кеңейтилген форматта улантылат; анын жүрүшүндө КМШ лидерлери бир катар баяндамаларды угушат.
Алдыдагы саммит Шериктештик үчүн маанилүү жылда өтөт, декабрь айында КМШнын түзүлгөндүгүнө 35 жыл толот.
Иш-чараларга Россиянын лидери Владимир Путин, Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев жана Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан катышат.