Үй КАБАРЛАРРоссиянын президенти В. Путин Кыргызстанга келери күтүлүүдө

Россиянын президенти В. Путин Кыргызстанга келери күтүлүүдө

by Kanykey

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кремлдин сайтында маалымдалды.

Россиялык лидер бул ниети тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен маектешүү учурунда айткан.

«Биз дайыма байланышып турабыз, бирок алдыда дагы Бишкекте боло турган ЖККУ форумунда кездешебиз», – деди Путин Токаевге.

Буга чейин ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмағамбетов Уюмдун уставдык органдарынын жыйыны жана Коллективдүү коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте болорун маалымдаган.