Россия Иран жана башка өлкөлөр менен биргеликте санкциялык басымды эл аралык турмуштан жоюуга аракет кыларын Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин россиялык ЖМКлар жазышты.
Ал брифинг учурунда Россия БУУнун Уставына каршы келген бир тараптуу, мыйзамсыз жана мажбурлоочу чараларды колдонуу практикасын кескин түрдө кабыл албай турганын белгиледи.
«Биз ирандык кесиптештерибиз жана бул маселеге кызыкдар башка өлкөлөр менен биргеликте аталган тармактагы кезектеги мыйзамсыз демилгеге каршы аракеттерди координациялайбыз. Биз пикирлеш өлкөлөр менен бирге көптөн бери эсептерди теңдөө жана жалпы Батыш үчүн жагымсыз болгон мамлекеттерди жазалоо үчүн чыныгы куралга айланып калган санкциялык басымды эл аралык турмуштан жоюуга аракетибизди улантабыз», — деди Захарова.
Ал бул билдирүүнү АКШ бийлиги Иранга жана республика менен экономикалык кызматташкан өнөктөштөргө карата жарыялаган жана буга чейин киргизген «экинчи даражадагы санкцияларга» байланыштуу суроого жооп берип жатып айтты.