Үй КАБАРЛАРРоссия менен Ооганстандын чалгын кызматтарынын жетекчилери Кабулда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Россия менен Ооганстандын чалгын кызматтарынын жетекчилери Кабулда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

by Kanykey

Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин 14-октябрда Ооганстанга барып, өлкөнүн Башкы чалгындоо башкармалыгынын директору Абдул Хак Васик менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын басма сөз кызматы билдиргенин “Ведомости” басылмасы жазды.

“Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында Россия Федерациясынын Тышкы чалгындоо кызматынын директору С. Е. Нарышкиндин Ооганстанга сапары болду. Сапардын алкагында С. Е. Нарышкин менен Ооганстан Ислам Эмиратынын Башкы чалгындоо башкармалыгынын директору Абдул Хак Васиктин ортосунда сүйлөшүүлөр өттү”, — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Бүгүн, 16-октябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) конференциясында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Ислам мамлекети» террордук тобу Ооганстанды өз ишмердүүлүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Россияга жайылтуу үчүн пайдаланууга аракет кылып жатканын билдирди.

Ошондой эле Лавров Ооганстандан курал-жарак жана баңгизаттардын мыйзамсыз ташылып келүү коркунучу бар экенин белгиледи.

5-октябрда Сергей Лавров Ооганстандын тышкы иштер министри Амир Муттаки менен жолугушууда Россия менен Ооганстандын экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү жана күч түзүмдөрүн чыңдоо сыяктуу ар кандай багыттарда кызматташуусун кеңейтүүгө эч кандай тоскоолдук жок экенин билдирген.

“Интерфакс” агенттиги маалымдагандай, Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алексей Шевцов Борбордук Азия жана Ооганстандагы коопсуздук маселелери боюнча ЖККУ, КМШ жана ШКУ конференциясынын пленардык жыйынында Москва Кабул менен конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана коопсуздук маселелери боюнча Ооганстандын азыркы жетекчилиги менен түздөн-түз байланышууну көздөй турганын билдирди.