Үй АНАЛИТИКАСауд Арабиясынын мунайына жаңы коркунуч: Ормуздан кийин кезек Баб-эль-Мандебге келди

Сауд Арабиясынын мунайына жаңы коркунуч: Ормуздан кийин кезек Баб-эль-Мандебге келди

by Kanykey

Йемен тарабынан Сауд Арабиясына каршы деңиз блокадасы жарыялангандан кийин, бул өлкөнүн мунай экспортунун альтернативалуу жолу да коркунучка кептелди. Бул билдирүү Сауд Арабиясы Ормуз кысыгындагы каттамдардын үзгүлтүккө учурашынан кийин мунайынын негизги бөлүгүн Кызыл деңиз аркылуу экспорттой баштаган учурда жасалды.

Азырынча кайсы кемелерге, кайсы портторго чектөө киргизилери же блокада кандай жол менен ишке ашырылары тууралуу маалымат жарыялана элек. Сауд Арабиясы да бул боюнча расмий билдирүү бере элек. Бирок эгерде мунай ташуучу танкерлерге же портторго сокку урулуп, же Баб-эль-Мандеб кысыгы жабылып калса, анда Сауд Арабиясынын мунай экспорту олуттуу кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн.

2026-жылдын 28-февралында согуш башталып, Ормуз кысыгы жабылгандан кийин, 2-мартта Рас-Таннурадагы Saudi Aramco компаниясынын мунай объектилери дрондордун чабуулуна кабылган. Натыйжада бул порттон мунай экспорту дээрлик төрт айга токтогон.

Компания мунай жүктөөнү быйыл 26-июнда гана кайра жандандырган. Бул аралыкта Сауд Арабиясы күн сайын экспорттолгон чийки мунайынын 70 пайыздан ашыгын Чыгыш—Батыш мунай кууру (Petroline) аркылуу Кызыл деңиз жээгиндеги Янбу портуна жөнөтүп турган. Акыркы апталарда Янбу портунан экспорттун көлөмү күнүнө орточо 4 миллион баррелге жетти. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч болгону 973 миң баррель болгон.

Ошондой эле Сауд Арабиясы Чыгыш—Батыш мунай куурунун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн дагы күнүнө 1–2 миллион баррелге көбөйтүү маселесин карап жатат.

Мындай учурда куурдун жалпы кубаттуулугу азыркы 7 миллион баррелден 8–9 миллион баррелге чейин жетмек.

Бул демилге тууралуу алгач Reuters агенттиги 7-июлда маалымдаган. Азырынча долбоор алдын ала талкуу жана баалоо баскычында турат, акыркы чечим кабыл алына элек.

Ошол эле учурда Баб-эль-Мандеб кысыгынын стратегиялык мааниси дагы күчөдү.

2026-жылдын июнь айында бул кысык аркылуу күнүнө 7,4 миллион баррель мунай жана мунай продукциялары өткөн. Былтыркы ушул мезгилде бул көрсөткүч 4,2 миллион баррель болгон.

Бул дүйнөдөгү жалпы мунай өндүрүшүнүн болжол менен 7 пайызына туура келет. Бул көлөмгө Янбу портунан экспорттолгон сауд мунайы жана Кызыл деңиз аркылуу Суэц каналына, SUMED мунай кууруна же Азия базарларына жөнөтүлгөн башка жүктөр да кирет.

Эгерде Баб-эль-Мандеб толугу менен жабылып калса, Сауд Арабиясынын мунай экспортунун олуттуу бөлүгү токтоп калуу коркунучуна кабылат. Мунун баары согуш дүйнөлүк мунай сунушун болжол менен 10 пайызга азайткан шартта болуп жатат.

Согуш башталганга чейин дүйнөдөгү мунай жеткирүүлөрүнүн 20 пайызга жакыны Ормуз кысыгы аркылуу өтчү. Бирок жаңжал күчөгөндөн кийин бул аймактагы кеме кыймылы кескин азайды. 19-июль күнү Ормуз аркылуу болгону төрт кеме өткөн. Бир күн мурда алардын саны сегиз болгон.

Ошондой эле жума күндөн бери мунай продуктыларын ташыган үч танкер жана чийки мунай жүктөө үчүн келген бир ири танкер гана аймакка кирген.

Мындан тышкары, Иранга тиешеси жок багыт аркылуу өткөн эки танкер жарылуудан жабыркаганы маалымдалды. 2023-жылы Кызыл деңиздеги кол салуулар учурунда Перс булуңунун мунайын Ормуз аркылуу башка нукка буруу мүмкүн болсо, азыр абал кыйла оор болуп калды.

Анткени негизги жол болгон Ормуз кысыгы да, альтернативалуу Баб-эль-Мандеб багыты да коркунуч алдында турат. Кытайга, Индияга, Түштүк Кореяга жана Азиядагы башка базарларга экспорт түздөн-түз ушул кысык аркылуу жүргүзүлөт.

Эгерде Баб-эль-Мандеб жабылса, танкерлер Суэц каналы, Жер Ортолук деңизи, Гибралтар кысыгы жана Жакшы Үмүт тумшугу аркылуу өтүүгө аргасыз болушат.

Мындай маршрут кемелердин жолун дагы 4–6 миң деңиз милине узартып, жүктөрдүн жеткирүү мөөнөтүн 20 күнгө чейин көбөйтөт. Мындан тышкары, дүйнөлүк контейнердик флот үчүн жыл сайын 7–9 миллиард доллар кошумча чыгым алып келет. Ошол эле учурда Янбу портунан Европага экспорт мурдагыдай эле Кызыл деңиз жана Суэц каналы аркылуу жүргүзүлө берет. Анткени бул каттам Баб-эль-Мандеб аркылуу өтүүнү талап кылбайт.

Ошондуктан Сауд Арабиясынын Суэц тарапка бара жаткан мунай жана соода кемелерине чабуул жасоо, эгер Эр-Рияд кайрадан чыңалууну күчөтсө, Йемендин “чыңалууга жооп — чыңалуу” принцибинин алкагындагы кийинки кадамы болушу мүмкүн.