Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.
Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.
Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар документтерге кол коюу пландалууда.
Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын төрагасы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Си Цзиньпиндин алдыдагы мамлекеттик сапары бекем достук, өз ара ишеним жана колдоого негизделген кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоодо маанилүү кадам болуп калат.