Үй КАБАРЛАРСи Цзиньпин 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлекеттик сапар менен барат

Си Цзиньпин 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлекеттик сапар менен барат

by Kanykey

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 23-сентябрда Кытай менен АКШнын ортосунда соода жаатындагы чыңалуу жана геосаясий карама-каршылыктар уланып жаткан шартта АКШга акыркы 11 жыл ичиндеги алгачкы мамлекеттик сапарына аттанат. Пекинде эки өлкөнүн лидерлеринин жарым жыл аралыгында бири-бирине сапар жасоосун «тарыхый мааниге ээ окуя» деп аташты.

РИА Новости агенттиги маалымдагандай, Си Цзиньпиндин АКШга мамлекеттик сапары 23-25-сентябрга чейин созулат. АКШ президенти Дональд Трамп кытай лидерин жеке өзү тосуп алат деп күтүлүүдө.

Си Цзиньпиндин АКШга биринчи мамлекеттик сапары 2015-жылдын сентябрь айында болгон. Анда Кытай лидери Сиэтлге, Вашингтонго жана Нью-Йоркко барып, Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган бир катар иш-чараларга катышкан. Андан кийин ал 2016-жылы Вашингтондо өткөн өзөктүк коопсуздук боюнча төртүнчү саммитке катышуу үчүн АКШга барган. 2017-жылы Флорида штатындагы Мар-а-Лаго резиденциясында Трамп менен жолуккан. Ал эми 2023-жылы Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АТЭС) саммитине катышуу үчүн Сан-Франциского барган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Го Цзякунь буга чейин Си Цзиньпин сапардын жүрүшүндө Трамп менен эки тараптуу мамилелерге, ошондой эле дүйнөдөгү глобалдык тынчтык жана өнүгүүгө байланышкан маанилүү маселелерди талкуулай турганын билдирген.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Си Цзиньпиндин сапарынын алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүп жатып, акыркы мезгилде кытай-америкалык мамилелер жалпысынан конструктивдүү стратегиялык туруктуулук жолунда өнүгүп жатканын белгилеген. Анын айтымында, бул эл аралык коомчулуктун күтүүлөрүн актоого өбөлгө түзүүдө.

Ван Инин айтымында, Пекин менен Вашингтон теңдик, өз ара урматтоо жана өз ара пайдалуулук принциптерин жетекчиликке алуу менен алдыдагы жогорку деңгээлдеги байланыштарга даярдык көрүп, коммуникацияны бекемдеп, кызматташтыкты илгерилетип, пикир келишпестиктерди көзөмөлдөп, бири-биринин негизги кызыкчылыктарын урматташы керек.

Цинхуа университетинин Эл аралык коопсуздук жана стратегия борборунун директору Да Вэй сапардын жыйынтыгында тараптар бажы төлөмдөрү жана сейрек кездешүүчү металлдар боюнча билдирүү жасашы мүмкүн экенин белгилеген. Ошондой эле жасалма интеллект боюнча диалогдун биринчи раунду өтүп, түз чет элдик инвестициялар маселеси талкууланышы ыктымал.

Кытай тарап сапардын программасы же сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби тууралуу азырынча кеңири маалымат берген жок. Ошол эле учурда Reuters агенттиги маалымдар булактарга таянуу менен буга чейин Си Цзиньпин сапардын жүрүшүндө Трамптан Тайванга курал-жарак жеткирүүнү токтотууну талап кыларын билдирген.

Агенттиктин булактарынын айтымында, буга жооп катары Кытай тарап Ирандын айланасындагы жаңжалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүнү сунушташы мүмкүн.

Си Цзиньпиндин Вашингтонго сапары дүйнөдөгү эң ири эки экономиканын лидерлеринин быйылкы акыркы жеке жолугушуусу болбойт деп күтүлүүдө. Ошондой эле алардын ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган АТЭС саммитинин алкагында жана декабрда Майамиде өтө турган G20 саммитинде жолугушуусу пландалууда.