Үй КАБАРЛАР«Суунун тартыштыгы Борбордук Азиянын өнүгүүсүнө олуттуу чектөө болуп баратат» — Шавкат Мирзиёев

«Суунун тартыштыгы Борбордук Азиянын өнүгүүсүнө олуттуу чектөө болуп баратат» — Шавкат Мирзиёев

by Kanykey

Өзбекстандын президенти Борбор Азия өлкөлөрүн суу жана климаттын өзгөрүшү маселелерин биргелешип чечүүгө чакырды. «Суунун чоң жоготуулары бүгүн аймакка өтө кымбатка түшүп жатат», — деди ал. Ошондой эле Ооганстан менен диалогго өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Абанын булганышын да маанилүү көйгөйлөрдүн бири деп атады.

Борбор Азия өлкөлөрү суу жана климаттын өзгөрүшү маселелерин биргелешип чечиши керек. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 8-октябрда Түркмөнстандын «Аваза» улуттук туристтик аймагында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын сегизинчи Консультативдик жолугушуусунда билдирди.

«Суу ресурстарынын тартыштыгы Борбор Азиянын өнүгүүсүнө барган сайын олуттуу чектөө болуп баратат. Климат өзгөрүп жатат, калктын саны өсүүдө, айыл чарбасына жана инфраструктурага болгон жүк көбөйүүдө. Ошондуктан бизде канча суу бар экенин жана анын кандай пайдаланылып жатканын так түшүнүшүбүз зарыл», — деди Шавкат Мирзиёев.

Президент заманбап санариптик мониторинг системаларын киргизүү, ирригациялык тармактарды модернизациялоо жана сууну үнөмдөөчү технологияларды кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи.

«Суунун чоң жоготуулары бүгүнкү күндө биздин аймакка өтө кымбатка түшүп жатат», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Ал Борбор Азияда сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча Практикалык аракеттердин он жылдыгы жөнүндөгү жалпы демилгени толук ишке ашырууга чакырды.

Келерки жылы Өзбекстан Аралды сактап калуу боюнча эл аралык фондго төрагалык кылат. «Биз бул миссияны чоң жоопкерчилик катары кабыл алабыз. Төрагалык кылган мезгилде фонддун ишин натыйжалуу кылууга, жаңы экологиялык долбоорлорду баштоого жана кошумча каржылоону тартууга ниеттенип жатабыз», — деди президент.

Шавкат Мирзиёевдин айтымында, суу ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча Ооганстан менен диалогго өзгөчө көңүл буруу зарыл. «Бул сүйлөшүү туруктуу жана мазмундуу болуп, аймактагы бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктары сөзсүз эске алынышы керек», — деди ал.

Президент ошондой эле Борбор Азия шаарларындагы эң көрүнүктүү көйгөйлөрдүн бири абанын булганышы болуп бара жатканын белгиледи. Ал Өзбекстан Борбор Азиянын «Таза аба» эл аралык консорциумун түзүүнү сунуштаганын эске салды.

«Анын ишин конкреттүү биргелешкен долбоордон — өлкөлөрүбүздөгү өнөр жай аймактарын, агрокластерлерди жана транспорттук түйүндөрдү экологиялык жактан модернизациялоо боюнча пилоттук программадан баштоого болот. Бул көйгөйдү талкуулоодон практикалык ишке өтүүгө, айлана-чөйрөгө болгон жүк өзгөчө жогору болгон жерлерде конкреттүү чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет», — деп кошумчалады мамлекет башчысы.