Тажикстандын Ислам борборунун Аалымдар кеңеши (Уламалар кеңеши) 26-июлда «Улуттук кийим жөнүндө» аталыштагы фатваны (диний токтомду) кабыл алып, анда өлкөнүн аялдарына хижаб жана кара түстөгү денеге жабышкан кийимдерди кийбөө сунушталды.
Фатва өлкөдөгү мусулман аялдардын улуттук баш кийими тууралуу күчөгөн талкуулардан улам даярдалган. Документти иштеп чыгууда уламалар ханафий мазхабынын укуктук жоболоруна таянышкан.
Фатвада Куранга шилтеме берүү менен эркектердин кийими киндиктен тизеге чейинки жерди, ал эми аялдардын кийими жүзүн, колдорун жана буттарын эске албаганда денесинин бардык бөлүгүн жабууга тийиш экени белгиленген.
Документте белгиленгендей, аялдардын салттуу кийими жоолук, көйнөк жана кең шымдан турушу керек. Уламалардын айтымында, тажик аялдары байыртадан бери ушундай кийинип келишкен жана мындай кийим ханафий мазхабынын талаптарына толук жооп берет.
Ошондой эле фатвада ислам дининде кийимдин өңүнө же үлгүсүнө катуу чектөө жок экени айтылат. Ар кандай түстөгү кийимдерди кийүүгө уруксат берилгени менен, кара түстөгү кийимдерден оолак болуу сунушталат.
Уламалар муну кара түс исламда милдеттүү эмес экендиги жана ал Тажикстандын улуттук өзгөчөлүктөрүнө жана географиялык шарттарына туура келбей турганы менен түшүндүрүшкөн.
Мындан тышкары, денеге жабышкан жана денени көрсөтүп турган кийимдерди кийүү сунушталбайт.
Фатвада коомдун туруктуулугун, коопсуздугун жана диний-улуттук баалуулуктарды сактоо максатында жарандар өздөрүнүн маданиятына, динине жана улуттук салттарына жат кийимдерди кийүүдөн, ошондой эле кандайдыр бир кызыкчылыктар үчүн жайылтылып жаткан кийим үлгүлөрүнөн алыс болууга чакырылган.
Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да сатр жана хижабды тажик элинин салтына жат көрүнүш катары баалап, кийим маданиятынан алыстоону улуттук жана маданий өзгөчөлүктүн начарлашына алып келүүчү көрүнүш катары мүнөздөгөн.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында өлкө президенти Эмомали Рахмон «улуттук салтка жат кийимдерди» кийүүгө жана мусулмандардын майрамдарында балдардын үймө-үй кыдырып таттуу же белек сурап жүрүүсү («идгардак») салтына тыюу салган мыйзамдарга кол койгон.