Тажикстан CASA-1000 электр берүү линиясы аркылуу электр энергиясын коммерциялык негизде жеткирүүнү 2027-жылдын экинчи жарымында баштоону көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика тармагынын өкүлдөрү билдиришти.
«Барки Точик» ачык акционердик коомунун маалыматына ылайык, Тажикстандын аймагындагы долбоорго тиешелүү бардык инфраструктура пайдаланууга толугу менен даяр. Азыркы негизги кечигүү Афганстандын аймагындагы электр берүү линиясын курууга байланыштуу.
Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, Афганстандагы курулуш иштери учурда пландуу жүрүп жатат. Акыркы маалыматтарга ылайык, долбоордун бул бөлүгүндөгү иштердин 65 пайыздан ашыгы аткарылган.
Афганстандагы курулуштун баштапкы графиктен артта калышынын негизги себептери катары татаал тоолуу рельеф жана өлкөдөгү саясий окуялар көрсөтүлүүдө.
Министрлик Афганстандын аймагындагы курулуш 2027-жылдын биринчи жарымында аяктайт деп күтүүдө. Андан кийин долбоор толук пайдаланууга өткөрүлүп, ошол эле жылдын экинчи жарымында CASA-1000 долбооруна катышкан өлкөлөрдүн ортосунда электр энергиясын сатып алуу жана сатуу боюнча келишим иштей баштайт.
Ошондой эле министрлик белгилегендей, CASA-1000 аркылуу электр энергиясын экспорттой турган Тажикстан менен Кыргызстандын аймагындагы бардык курулуш иштери толугу менен аяктаган.
CASA-1000 деген эмне?
Central Asia – South Asia Electricity Transmission and Trade Project (CASA-1000) — Борбор Азиядан Түштүк Азияга электр энергиясын берүү жана соодалоо долбоору. Анын алкагында Тажикстан менен Кыргызстандын ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясы Афганстан аркылуу Пакистанга жеткирилет.

Долбоорду ишке ашыруунун расмий ачылыш аземи 2016-жылдын май айында Тажикстандын Турсунзаде шаарында өтүп, ага Тажикстандын, Кыргызстандын, Афганстандын жана Пакистандын лидерлери катышкан.
Долбоордун алкагындагы электр берүү линияларынын жалпы узундугу 1,4 миң чакырымга жакын. Баштапкы баасы болжол менен 1,2 миллиард АКШ долларына бааланган.
2021-жылдын август айында Ооганстанда бийлик алмашкандан кийин эл аралык уюмдар менен донорлор өлкөдөгү көптөгөн долбоорлорду токтотушкан. Натыйжада Афганстандын аймагындагы CASA-1000 курулушу да убактылуу токтоп, бул бүткүл долбоорду аяктоодогу негизги тоскоолдук болуп келген.
CASA-1000 долбоорунун Афганстандагы бөлүгүнүн негизги каржылык өнөктөшү Дүйнөлүк банк болуп саналат.
2023-жылдын декабрында Дубай шаарында өткөн жолугушууда Тажикстандын, Кыргызстандын жана Пакистандын энергетика министрлери эл аралык каржы институттарын CASA-1000 долбоорун тездетүүгө көмөктөшүүгө чакырышкан. Алар долбоорду мүмкүн болушунча эртерээк аяктап, электр берүү линиясын коммерциялык пайдаланууга берүү зарылдыгын белгилешкен.
Булак: asia+