14
Иран менен Омандын Ормуз кысыгындагы кеме жүрүүсүнө байланыштуу сүйлөшүүлөрү акыркы баскычка жетти. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди. Маалыматты Ирандын расмий IRNA маалымат агенттиги таратты.
Өз кезегинде Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи Ормуз кысыгы боюнча Иран менен Омандын ортосундагы сүйлөшүүлөр эки тараптуу мүнөзгө ээ экенин, ага башка мамлекеттердин тиешеси жок экенин айтты.
Ал ошондой эле «Ормуз кысыгынын макамы согушка чейинки абалындай болбойт» деп белгиледи.
Багаи Тегеран АКШнын коркутууларына карабай өз позициясын өзгөртпөй турганын дагы бир жолу баса белгиледи.
«Эгер америкалыктар авантюристтик саясатты улантышса, алар чечкиндүү жооп алышат», — деди ал.