Үй КАБАРЛАРТрамптын картасына Мексика президенти жооп берди: «Мексика эч кимдин колониясы эмес»

Трамптын картасына Мексика президенти жооп берди: «Мексика эч кимдин колониясы эмес»

by Kanykey

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына АКШнын мамлекеттик желегинин түстөрү менен боёлгон ондогон өлкөлөр көрсөтүлгөн картаны жарыялады.

Картада Куба, Канада, Мексика, Гренландия, Исландия, ошондой эле Борбордук Американын мамлекеттери жана Кариб деңизиндеги бир катар өлкөлөр АКШнын желегинин түстөрү менен белгиленген.

Трамп бул картага эч кандай түшүндүрмө же жазуу калтырган эмес.

Картанын жарыяланышына Мексиканын президенти реакция билдирип, өлкөсүнүн көз карандысыздыгын жана эгемендигин баса белгиледи. Ал «Мексика эч бир өлкөнүн колониясы да, протектораты да эмес жана болбойт» деп билдирди.

Буга чейин АКШ президенти Нью-Мексико штатынын картасын жарыялап, штаттын атын «Жаңы Америка» (New America) деп өзгөртүү идеясын жактырарын жазган. Ошондой эле ал Жердин фонунда тартылган Айдын сүрөтүн бөлүшүп, ага «Ай биздики» деген жазуу калтырган.