Үй КАБАРЛАРТрамптын рейтинги 33%га чейин төмөндөдү

Трамптын рейтинги 33%га чейин төмөндөдү

by Kanykey

АКШ президенти Дональд Трамптын америкалыктар арасындагы колдоо рейтинги 33%га чейин төмөндөдү. Бул 2025-жылдын 20-январында президенттик кызматка киришкенден берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Мындай маалымат Reuters агенттиги менен эл аралык Ipsos изилдөө кызматы биргелешип жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду.

Сурамжылоого катышкандардын 33%ы Трамптын президент катары ишмердүүлүгүн жактырарын билдирген. Ал эми 64% респондент анын ишине нааразы экенин айткан. Калган катышуучулар жооп берүүдөн баш тартышкан.

Ошондой эле сурамжылоодо АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалдын узакка созулушу мүмкүн деген пикир басымдуулук кылган. Респонденттердин 80%ы жаңжал узакка созулат деп эсептесе, 16%ы анын бир нече жуманын ичинде аякташы мүмкүн деген пикирде.

Reuters жана Ipsos тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келген сурамжылоолорго ылайык, Трамптын экинчи президенттик мөөнөтүндөгү рейтинги буга чейин 34%дан төмөн түшкөн эмес. Мындай көрсөткүч быйыл апрель жана июнь айларында катталган.

Трамптын экинчи мөөнөтүндөгү эң жогорку рейтинги 2025-жылдын январында болгон. Ал учурда америкалыктардын 47%ы анын президенттик ишмердүүлүгүн жактырган.

Ал эми Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө анын колдоо рейтинги 2017-жылдын декабрында 33%га чейин төмөндөгөн.

Reuters жана Ipsos сурамжылоону 14–17-август күндөрү АКШда жашаган 1 166 жашы жеткен адамдын арасында жүргүзгөн.