Түркмөнстандын президенти КМШ форматын актуалдуу эл аралык маселелер боюнча кеңешүүлөр үчүн жагымдуу аянтча деп атады.
Түркмөнстандын «Аваза» улуттук туристтик аймагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммити тар жана кеңейтилген курамда өттү.
Жыйынды Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов ачып, КМШ форматы актуалдуу эл аралык маселелер боюнча кеңешүүлөр үчүн жагымдуу аянтча экенин далилдегенин билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү Авазадагы жыйын маанилүү мезгилде — Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөнүнө 35 жыл толгон жылы өтүп жатат.
«Басып өткөн жолубуздун айрым жыйынтыктарын чыгарып жатып, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги бул жолду татыктуу басып өттү деп ишенимдүү айта алабыз. Объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, кызматташтыктын пайдубалын сактап калууга жана анын тең укуктуулукка, өз ара урматтоого жана өз ара пайдалуулукка негизделген мүнөзүн камсыз кылууга жетиштик», — деди мамлекет башчысы.
Президент КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар ырааттуу өнүгүп жатканын, ал эми акыркы жылдары жалпы товар жүгүртүүнүн көлөмүндө оң динамика байкалганын белгиледи.
Анын айтымында, саясий жана дипломатиялык кызматташтыктын күн тартиби кеңейүүдө. КМШ форматы актуалдуу эл аралык маселелер боюнча кеңешүүлөр үчүн жагымдуу аянтча катары өзүн көрсөттү.
Бердымухамедов гуманитардык кызматташтык маданият, илим, билим берүү жана спорт сыяктуу көптөгөн багыттарды камтый турганын да баса белгиледи.
Саммитке Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.
Кийинчерээк жолугушуу кеңейтилген курамда уланат. КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилерине биринчи жолу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан кошулат.
Саммиттин күн тартибине он бешке жакын маселе киргизилген. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу пландалууда. Анда КМШнын акыркы 35 жылдагы ишинин жыйынтыгына баа берилип, шериктештиктин келечектеги өнүгүү багыттары белгиленет.