Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУнун Башкы Ассамблеясынын трибунасынан Түндүк Кореянын туткундалган аскерлеринин Түштүк Кореяга өткөрүлүп берилгенин ачык жарыялагандан кийин Сеул Киевден маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу макулдашууну бузганы үчүн расмий кечирим суроону талап кылды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышты.
Түндүк Кореянын эки аскери 2025-жылдын январь айында Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан Курск облусунда туткунга алынган. Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) туткундалган аскерлеринин мындан аркы тагдыры тууралуу маселени Сеул менен Киев бир жылдан ашык убакыт бою ачыкка чыгарбай талкуулап келишкен.
Өткөн аптада туткунга алынган аскерлердин Түштүк Кореяга жеткирилгени белгилүү болду. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-сентябрда Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында өзү билдирди.
Сеулда бул билдирүү нааразылык жаратты. Түштүк Кореянын бийлигин өзгөчө нааразы кылган жагдай — Украинанын президенти аскер туткундарын өткөрүп берүү тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоо боюнча макулдашууну бузуу менен гана чектелбестен, мындай макулдашуунун болгонун да четке кага баштаганы болгон.
Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён X социалдык тармагындагы баракчасына Украина маалыматты ачыкка чыгаруу фактысын моюнга алуудан баш тартып, эки түндүк кореялык туткунду Сеулга өткөрүп берүү тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн кечирим сурабаса, Сеул тиешелүү чараларды көрөрүн жазды.
«Түндүк Кореянын аскер туткундарын кайтаруу маселесине байланыштуу украин тарап маалыматтын купуя сакталышын талап кылган жана биз аны ачыкка чыгарбоо боюнча макулдашканбыз. Бирок алар бул маалыматты бир тараптуу түрдө ачыкташты», — деп жазды ал.
Өз кезегинде Украинанын Президентинин Аппаратынын кеңешчиси Дмитрий Литвин өлкөлөрдүн ортосунда маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө келишим жок экенин билдирген.