Дем алыш күндөрү Франциянын бардык аймактарында массалык башаламандыктар болду. Күйүүчү майдын жана жашоо наркынын өсүшүнө каршы салыштырмалуу тынч өткөн демонстрациялар кыска убакыттын ичинде дүкөндөрдү талкалоо, өрттөө, талап-тоноо, мэрияларга жана полиция бөлүмдөрүнө кол салуу менен коштолгон башаламандыктарга айланды.
Бул окуялар 1968-жылдагы студенттик толкундоолордон берки эң ири башаламандыктардын бири катары бааланууда. Маалыматтарга караганда, нааразылык акцияларына жүз миңдеген адам катышып, миңдеген адам кармалды.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон элге кайрылып, жарандарды тартипти сактоого чакырды. Ал нааразылык билдиргендердин көйгөйлөрүн чечүүгө жана башаламандык уюштургандарды жазалоого убада берди.
Ошол эле учурда нааразылык акцияларынын жана башаламандыктардын толкуну Европанын башка өлкөлөрүнө да жайылды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышты.
https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F1144145078299187%2F&show_text=false&width=560&t=0
Жогорку класстын окуучуларынын нааразычылыгы
Франциядагы массалык нааразылык акциялары сентябрдын аягында эле башталган. Аларды француз мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары уюштуруп, бийликтен мектептерди каржылоону көбөйтүүнү, мугалимдердин жетишсиздигин чечүүнү жана сабактардын жүктөмүн азайтууну талап кылышкан.
Октябрдын башында демонстрациялардын зордук-зомбулукка айланып кетүү коркунучунан улам Францияда 400гө жакын окуу жайы жабылууга аргасыз болгон.
Айрым шаарларда демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуулар болгон. Марсель шаарында митингчилер полиция кызматкерлерине фейерверктерди ыргытышкан. Ренье шаарында таштанды контейнерлери өрттөлсө, Страсбургда полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болгон.
Эң масштабдуу башаламандыктар

Нааразылык акцияларынын кыйла күчтүү толкуну 17-октябрда башталган. Демонстранттардын талаптары да кеңейип, алар күйүүчү майдын гана эмес, жалпы жашоо наркынын өсүшүн токтотууну талап кыла башташкан. Жогорку класстын окуучуларына профсоюздук активисттер, таксисттер, медицина кызматкерлери жана курулуш тармагынын жумушчулары кошулган. Башаламандыктардын масштабы 1968-жылдагы студенттик толкундоолорду эске салды.
Франциянын ички иштер министри Лоран Нуньестин маалыматына караганда, Париждин өзүндө эле көчөгө 100 миңден ашык адам чыккан. Жалпысынан Франция боюнча нааразылык акцияларына болжол менен 550 миң адам катышкан.
Көп өтпөй демонстрациялар зомбулук аракеттерине жана полиция менен кагылышууларга айланган.
Өлкөнүн ар кайсы шаарларында нааразылыкка чыккандар кымбат баалуу товарларды саткан дүкөндөрдү тоноп, полиция бөлүмдөрүнө, туристтик борборлорго, атүгүл мэриялардын имараттарына кол салышкан.
Өлкөнүн түштүк-батышындагы Лимож шаарындагы мэрия имараты эң көп жабыркаган. Демонстранттар тарыхый имараттын ичине кирип, биринчи кабаттагы бир нече бөлмөнү өрттөп жиберишкен. Көп өтпөй өрт чатырга жана мунарага чейин жеткен.
Франциянын түндүгүндөгү Лилль шаарынын мэриясында да башаламандык уюштурулган. Ал эми Парижде көптөгөн дүкөндөрдөн тышкары, шаардын борборундагы полиция бөлүмүнө жана борбор калаанын 10-округунун мэриясынын имаратына кол салуу болгон.
Полициянын жообу жана жабыркагандар

Коомдук тартипти калыбына келтирүү үчүн полиция кызматкерлери күч колдонууга аргасыз болушкан. Бордо шаарында алар көздөн жаш агызуучу газ колдонушса, мэриянын алдына суу чачуучу атайын унаалар орнотулган. 17-октябрдын кечинде Франциянын Ички иштер министрлиги жүздөгөн адам кармалганын билдирген. Акыркы маалыматтарга караганда, кармалгандардын саны 2 400гө жеткен.
Башаламандыктардын жүрүшүндө полиция кызматкерлеринин, жандармдардын жана өрт өчүрүүчүлөрдүн дээрлик миңге жакыны жаракат алган. Эки күндүн ичинде Франциядагы 1,5 миңден ашык компания жүздөгөн миллион евро өлчөмүндө зыян тарткан.
18-октябрда RTL радиостанциясы нааразылык акциясына катышкандардын бири каза болгонун кабарлаган. Анын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгону айтылган.
Нааразылык акциялары башка өлкөлөргө да жайылды

Көп өтпөй француз демонстранттарынын аракеттерин Европанын башка өлкөлөрүнүн тургундары да кайталай башташты.
Коңшу Бельгиянын борбору Брюсселде жаш демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуулар болгон. Тартипти калыбына келтирүү үчүн Түштүк вокзал бекетинин аймагында көздөн жаш агызуучу газ жана суу чачуучу каражаттар колдонулган.
Бельгиянын бийлиги мындан да катаал чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.
Италияда да масштабдуу нааразылык акциялары өткөн. Италиялыктар жогорку салыктарга жана жашоо наркынын өсүшүнө каршы чыгышкан. Миландагы акцияга беш миңден ашык адам катышкан. Демонстранттар дүкөндөрдүн айнектерин талкалап, полиция кызматкерлерине таш жана бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Буга жооп катары полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болгон.
https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=476&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F1845737463277151%2F&show_text=false&width=667&t=0
Башаламандыктардан улам Милан соборунун алдындагы борбордук аянттан туристтерди жана шаар тургундарын эвакуациялоо жүргүзүлгөн.
Нааразылык акцияларынын жыйынтыгында Миланда дээрлик 200 адам кармалган. Алардын басымдуу бөлүгү жашы жете электер болгон. Бир нече демонстрант жана полиция кызматкери жаракат алган.
Нааразылык акциялары Рим, Турин, Болонья жана Италиянын башка шаарларында да өткөн.
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони демонстрацияларга катышуу жарандардын укугу экенин, бирок бул шаарларды өрттөөгө негиз болбошу керектигин билдирген.
Албанияда да бир нече күндөн бери студенттердин масштабдуу нааразылык акциялары өтүп жатат. Алар 13-октябрда башталган. Алгачкы төрт күндүн ичинде 200дөн ашык адам жабыркаган. Алардын көпчүлүгү полиция кызматкерлери болгон.
Тиранада жана өлкөнүн башка шаарларында демонстранттар полиция кызматкерлерине таштарды жана пиротехникалык каражаттарды ыргытып, соода күркөлөрүн талкалашкан. Айрымдары министрликтердин имараттарына да кирип барышкан.
Нааразылык акцияларынын себептери катары билим алуунун кымбаттыгы, жумуш орундарынын жетишсиздиги жана өлкөнүн премьер-министри Эди Рамага карата айтылган коррупциялык айыптоолор көрсөтүлүүдө.
Өкмөт башчы кызматын 2013-жылдан бери аркалап келе жаткан Раманын отставкасын талап кылган демонстрациялар жыл башынан бери өткөрүлүп келет.