Үй АНАЛИТИКАХакерлер Сауд Арабиясынын коопсуздук кызматкерлеринин маалыматтарын ачыкка чыгарышты

Хакерлер Сауд Арабиясынын коопсуздук кызматкерлеринин маалыматтарын ачыкка чыгарышты

by Kanykey

Өздөрүн Йемендеги “Ансарулла” кыймылынын киберкоргонуу уюмуна тиешелүү деп мүнөздөгөн “Авис аль-Карни” деп аталган хакердик топ Сауд Арабиясынын Жалпы чалгын кызматына тиешелүү маалымат базасын бузуп кирип, андагы маалыматтарды жарыялаганын билдирди.

Бул тууралуу ирандык “Йеменди таануу” Телеграмм каналы маалымдады.

Топтун билдирүүсүндө жарыяланган маалыматтардын арасында чалгын кызматында иштеген кызматкерлердин аты-жөнү, уюлдук жана шаардык телефон номерлери, жашаган даректери, иштеген жериндеги байланыш маалыматтары, кызмат орду, иш кагаздары, уюмдун түзүмү жана дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы операциялык борборлор тууралуу маалыматтар бар экени айтылат.

Хакердик топ бул окуяны Сауд Арабиясынын чалгын кызматына каршы жасалган “эң ири маалыматтык сокку” деп атап, буга чейин эч качан чалгындоо кызматынын мынчалык деталдуу жана купуя маалыматтарды камтыган маалымат базасы коомчулукка ачыкка чыгарылган эместигин билдирди. Ошондой эле хакерлер маалымат базасын жүктөп алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирген.

Бирок бул билдирүү Сауд Аравиясы тарабынан тастыктала элек.