Ирандын жогорку лидери Моджтаба Хаменеинин кеңсеси анын Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолугушуп, Ислам Республикасынын АКШ жана Израиль менен болгон жаңжалын талкуулаганын билдирди.
«Жолугушуунун жүрүшүндө аскердик жаңжалдагы кырдаалдын өнүгүшү, ошондой эле америкалык-израилдик душмандын экономикалык жана психологиялык согушу талкууланды», — деп айтылат Хаменеинин кеңсесинин билдирүүсүндө.
Буга чейин өлкө лидери менен байланышта болгонун Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да билдирген. Моджтаба Хаменеи март айынын башында шайлангандан бери ушул убакка чейин коомчулук алдына чыга элек.
АКШ менен болгон диалогдо Ирандын сүйлөшүү тобун жетектеген Мохаммад-Багер Галибаф менен Хаменеинин жолугушуусу Иран менен АКШнын ортосундагы жаңжалда чыңалууну азайтуу үчүн ортомчулар аракеттерди көрүп жаткан учурда өттү. Ошондой эле ноябрь айынын башында АКШ Конгрессине шайлоо өткөндөн кийин кайрадан согуштук аракеттер башталышы мүмкүн деген кооптонуулар да бар.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иранга каршы аскердик операция баштап, сокку ура баштаган. Буга жооп катары Иран тарап да аймактагы америкалык базаларга сокку урган. Июнь айынын ортосунда Тегеран менен Вашингтон согуштук аракеттерди токтотуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Бирок кийинчерээк тараптар кайрадан бири-бирине сокку урушкан. Жаңжал азыркыга чейин жөнгө салына элек.