Үй КАБАРЛАРХуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

by Kanykey

Йемендеги «Ансаруллах» кыймылынын (хуситтердин) «Ражум» аттуу чакан гексакоптери заманбап согуштук технологиялардын бир үлгүсү катары көрсөтүлүүдө. Ал автоматтык башкаруунун алдыңкы технологияларына жана 10 чакырымга чейинки аралыктан башкарылуучу бомбаларды так таштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тууралуу Ирандын Fars News агенттиги кабарлады.

Материалда белгиленгендей, Йемендеги салгылашуулар учурунда чакан болгону менен натыйжалуу бул учкучсуз аппарат хуситтерге согуш талаасындагы кырдаалга таасир этүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Йеменде жергиликтүү шартта чыгарылган, тик учуп-конуучу «Ражум» гексакоптери алгач жөнөкөй чалгындоо каражаты катары колдонулса, кийин кургактагы салгылашууларда сокку уруучу куралга айланган. Агенттиктин маалыматына ылайык, аппарат Йемендин өкмөттүк күчтөрүнүн жана Сауд Арабиясы колдогон күчтөрдүн бронетехникасына, ошондой эле аскерлер топтолгон аймактарга каршы колдонулуп, олуттуу зыян келтирген.

«Ражум» — алты винттүү, тик учуп-конуучу учкучсуз учуучу аппарат. Ал кубаттуу электр кыймылдаткычы, өркүндөтүлгөн башкаруу системалары жана күнү-түнү операцияларды жүргүзүүгө ылайыкталган, сүрөттүн сапаты жогору акылдуу камералар менен жабдылган.

Аппараттын алты винттүү түзүлүшү аба ырайынын татаал шарттарында туруктуулугун жогорулатып, жүк көтөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Дал ушул өзгөчөлүктөр анын сокку уруучу аппарат катары колдонулушуна шарт түзөт.

Дрондун негизги согуштук мүмкүнчүлүктөрүнүн бири — төрттөн алтыга чейин чакан жана жеңил бомбаларды алып жүрүү жана аларды бутага таштоо. Мындан тышкары, аппарат үчүн ылайыкташтырылып, жаңыртылган артиллериялык снаряддарды жана миномёттук миналарды колдонуу мүмкүнчүлүгү да бар.

Бул учкучсуз аппараттын үчүнчү мууну 10 чакырымга чейинки аралыкка учуп, ок-дарыларын ылайыктуу бийиктиктен таштай алат.

Учуу аралыгынын жетиштүүлүгү, тик учуп-конуусу жана бийиктиктен сокку урууга ылайыкталышы хуситтерге каршылаш тараптын түздөн-түз ок атуу аймагына кирбестен, бронетехниканы бутага алууга мүмкүнчүлүк берет.

Маалыматка караганда, хуситтер «Ражум» дронун Йемендин Мариб провинциясындагы жана өлкөнүн батыш жээгиндеги фронттордо колдонгон. Аппарат бир катар учурларда бронетехниканы жана каршылаш тараптын аскерлери топтолгон аймактарды жок кылуу үчүн пайдаланылган. Чабуул учурунда чакан бомбалар танктардын мунараларындагы аялуу жерлерге тийгенге чейин жетет.

Хуситтердин чакан дрондорду иштеп чыгуусу 2017-жылы башталган. Башкача айтканда, чакан дрондор заманбап согуштарда кеңири жайыла электе эле бул күчтөр жергиликтүү шартта сокку уруучу учуучу аппараттарды жасоо багытында иш алып бара баштаган. Чакан учуучу аппаратты, так камераны, жеңил ок-дарыларды жана тактиканы айкалыштыруу душмандын бронетехникадагы артыкчылыгын жокко чыгара алат. «Ражум» дал ушул принциптин негизинде иштелип чыгып, колдонулууда: ал арзан, массалык түрдө чыгарууга мүмкүн болгон, колдонууга жөнөкөй жана иш жүзүндө өтө натыйжалуу курал.

Бүгүнкү күндө «Ражум» хуситтердин кургактагы салгылашуулардагы негизги куралдарынын бирине айланды. Сауд Арабиясы абадан сокку уруу операцияларын жүргүзүү үчүн АКШнын аскердик өнөр жайынан миллиарддаган долларлык курал-жарактарды сатып алууга аракет кылып жаткан учурда, Йеменде жергиликтүү шартта жасалган жөнөкөй чакан учкучсуз аппараттар Сауд Арабиясынын күчтөрүнүн аракетин чектеп, алардын согуш талаасындагы мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоолдук жаратууда.

Так чалгындоо, туруктуу учуу, 10 чакырымдык учуу аралыгы жана төрттөн алтыга чейин чакан бомбаны таштоо мүмкүнчүлүгүнүн айкалышы бул чакан учкучсуз аппаратты бронетехникага каршы натыйжалуу куралга айландырды. Натыйжада ал Мариб фронтунда жана Йемендин батыш жээгинде Сауд Арабиясынын күчтөрүнө жана анын колдоосуна таянган жалданма аскерлерге каршы колдонулуп, алардын аракетин чектөөгө жетишти.

Йемендин тажрыйбасы жергиликтүү технологияларды өнүктүрүү, согуштук тажрыйбадан сабак алуу жана курал-жарактарды заманбап согуш шарттарына ылайык жаңыртуу күчтөрдүн тең салмагын алдыңкы технологияларга ээ болгон тарапка каршы да өзгөртө аларын көрсөтүүдө.