Йемендин түндүгүн көзөмөлдөгөн аскерий-саясий «Ансар Алла» (хуситтер) кыймылы Сауд Арабиясынан өлкөдөгү аэропортторду жана деңиз портторун толугу менен ачууну талап кылды.
«Йемен эли блокаданы токтотууга чечкиндүү жана аэропорттор менен порттордун толук ачылышынан, ошондой эле жүк ташуу, соода жана адамдардын эркин жүрүп-турушун камсыздоодон башка эч кандай чечимге макул болбойт», — деп жазды X социалдык тармагында маалымат министринин орун басары Ахмед аш-Шами.
Мындан тышкары, ал хуситтер «йемен элин улуттук байлыктарынан, айрыкча мунай жана газ ресурстарынан ажыратууга жол бербей турганын» билдирди. Анын айтымында, бул ресурстар эмгек акыларды төлөө жана негизги мамлекеттик кызматтарды камсыз кылуу үчүн зарыл.
Буга чейин хуситтердин аскерий өкүлү Яхья Сариа Сауд Арабиясы хуситтер көзөмөлдөгөн өлкөнүн түндүк жана борбордук аймактарына кургактык жана аба аркылуу жетүүнү жеңилдетүүдөн баш тартканына жооп катары Сауд Арабиясына каршы деңиз блокадасы башталганын жарыялаган.
Сауд Арабиясы 2015-жылдын март айында араб коалициясынын хуситтерге каршы аскерий операциясы башталгандан бери Йемендин аба мейкиндигин көзөмөлдөп келет. Быйыл өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Санадагы эл аралык аэропорттун айланасындагы блокаданы алып салуу маселеси каралган. Бирок өткөн аптада аэропортко Ирандан келген жарандык учак конуп жаткан учурда аэропортко аба соккулары жасалган. Хуситтер чабуулга Сауд Аравиясын айыптап, ок атууну токтотуу режими аяктаганын жарыялашкан.
Тараптар 2022-жылдын октябрынан бери бири-бирине сокку уруудан карманып келишкен. Сауд Арабиясы 2014-жылы хуситтер Санада бийликке келгенден кийин Йемендин түндүк бөлүгүнө блокада киргизип, өлкөнүн аба мейкиндигин көзөмөлдөп келет.