Йемендик “Ансаруллах” кыймылы (хуситтер) Сауд Арабиясынын акыркы 24 саат ичинде Йеменге жасаган чабуулдарына жооп катары Сауд Аравияга каршы үч ири аскердик операция жүргүзүлгөнүн билдирди.
Хуситтердин билдирүүсүндө айтылгандай, Сауд Арабиясы акыркы 24 саатта Сана шаарын жана Жауф, Таиз, Хажжа, Саада жана Мариб провинцияларын бутага алып, 60 аба жана ракеталык сокку урган.
«Кагылышуулардын күчөшү башталгандан бери Сауд Арабиясы Йеменге жалпысынан 1576 аба жана ракеталык сокку жасады», — деп айтылат билдирүүдө.
Билдирүүгө ылайык, биринчи операциянын жүрүшүндө Эр-Рияддагы Халид эл аралык аэропорту баллистикалык жана канаттуу ракеталар, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алынган. Анын натыйжасында аэропорттун ишинде үзгүлтүк жаралганы айтылды.
Экинчи операцияда Рабих шаарындагы Aramco мунай иштетүүчү заводу бутага алынганы жана соккунун натыйжасында объектте өрт чыккандыгы белгиленди.
Үчүнчү операциянын жүрүшүндө Абха аэропорту, Хамис-Мушайттагы аскердик база, Асирдеги Акифа лагери, ошондой эле Нажран жана Жизан аймактарындагы бир катар маанилүү объектилер бутага алынганы айтылды.
Хуситтер ошондой эле Мекке менен Мединанын асманынан тышкары, Сауд Арабиясынын үстүндөгү аба мейкиндигин аскердик операция зонасы деп жарыялашты. Алар Сауд Арабиясынын аба мейкиндигин пайдаланган бардык эл аралык авиакомпанияларга каттамдарын токтотуу тууралуу эскертүү жасады.
Ошондой эле хуситтер чабуулдардын күчөшүнө каршы турууга зарыл болгон мүмкүнчүлүктөргө жана каражаттарга ээ экенин билдирип, мындан аркы тирешүүгө даяр экенин белгиледи.
Буга чейин “Ансар Аллах” күчтөрү Йемендин түштүк-батышындагы Таиз провинциясындагы Аль-Мавасит районун көзөмөлгө алганын жана Йемендин Президенттик башкаруу кеңешинин башчысы Ришад аль-Алиминин үйүн басып алганын жарыялашкан. Yemen Press агенттигинин маалыматы боюнча, алар Сауд Арабиясы колдогон куралдуу топторду аймактан сүрүп чыгышкан.
Йемендеги жаңжал
2014-жылдын август айынан бери Йеменде Сауд Арабия колдоого алган бийлик менен “Ансаруллах” (хуситтер) кыймылынын ортосундагы жаңжал токтобой келет. Өлкөдө иш жүзүндө эки бийлик борбору түзүлгөн: эл аралык коомчулук тааныган өкмөт негизинен өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарын көзөмөлдөсө, хуситтер Сана шаарын жана Йемендин түндүк менен батыш бөлүгүнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп келет.
Хуситтер менен Йемендин эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүнүн ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча келишим БУУнун ортомчулугу менен 2022-жылдын апрель айында түзүлүп, кийин бир нече жолу узартылган. Бирок тараптардын жаңы соккуларына байланыштуу ок атышууну токтотуу боюнча келишимдер бир нече жолу бузулган.
Йемендеги кырдаал 2026-жылдын күзүндө курчуду. Сентябрь айында хуситтер өлкөнүн батыш жээгинде чабуул баштап, Моха портун, Баб-эль-Мандеб кысыгындагы Перим аралын жана Дубаб шаарын көзөмөлүнө алышкан.
Йемендин Президенттик башкаруу кеңешинин башчысы Ришад аль-Алими 4-октябрда хуситтер көзөмөлдөгөн аймактарды өкмөттүн көзөмөлүнө кайтаруу үчүн хуситтерге каршы аскердик операция башталганын жарыялаган.
Хуситтердин алдыга жылышынын фонунда Сауд Арабиясы жаңы аскердик операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Reuters агенттиги маалымдагандай, Эр-Рияд операциянын эки сценарийин талкуулоодо: Баб-эль-Мандеб кысыгынын аймагына таамай сокку уруу же Йемен күчтөрүнүн катышуусу жана Сауд Арабиясынын аскер-аба күчтөрүнүн колдоосу менен кеңири масштабдагы чабуул жүргүзүү.