Үй АНАЛИТИКАЧоң согуштун босогосунда: Иран бүткүл ислам дүйнөсүнүн келечеги үчүн АКШ жана анын союздаштары менен согушка даяр

Чоң согуштун босогосунда: Иран бүткүл ислам дүйнөсүнүн келечеги үчүн АКШ жана анын союздаштары менен согушка даяр

by Kanykey

Жакынкы жумаларда же айларда бүткүл аймак ири согуштун отуна чулганышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө АКШ менен Израилдин түздөн-түз катышуусу жана күнөөсү менен жаңжалга жаңы катышуучулардын тартылып кетиши, кагылышуунун кеңейиши жана Үчүнчү дүйнөлүк согушка айланып кетүү коркунучу абдан жогору.

Бирок бул жерде дагы бир маанилүү жагдайга көңүл буруу зарыл. Ирандын Перс булуңунда жайгашкан америкалык аскердик базаларга жасаган соккулары тактикалык гана эмес, стратегиялык мааниге да ээ.

Белгилүү болгондой, Ирандын буга чейинки Израилге соккулары учурунда араб өлкөлөрүндө жайгашкан америкалык аскердик объектилер, абадан жана ракетага каршы коргонуу системалары ирандык ракеталар менен учкучсуз учуучу аппараттарды атып түшүрүүгө катышкан. Ошондуктан бул объектилерге урулган соккуларды жана абадан коргонуу системаларынын мүмкүнчүлүктөрүн алсыратууну Ирандын келечекте Израилдин аймагына түздөн-түз сокку уруусу үчүн жол ачууга жасалган аракет катары кароого болот.

Башкача айтканда, Иран аймактагы америкалык аскердик катышууга жооп кайтаруу жана аларды аймактан сүрүп чыгаруу менен гана чектелбестен, АКШ менен анын союздаштарынын Израилди коргоо мүмкүнчүлүктөрүн да азайтууга умтулууда. Бул «Аль-Акса бороону» операциясынын кийинки, мурдагыдан да кеңири масштабдагы баскычына даярдык көрүлүп жатканынан кабар бериши мүмкүн.

Ошондой эле жакынкы убакта Израилдин Иранга каршы согушка активдүү кириши ыктымал экенин да эске алуу зарыл. Чындыгында, Израиль бул тирешүүнүн борбордук тараптарынын бири болуп саналат, анткени болуп жаткан окуялардын чоң бөлүгү дал Газадагы, Ливандагы кырдаалга, ошондой эле бул аймактын жана жалпы ислам дүйнөсүнүн келечегине байланыштуу.

Ошол эле учурда «каршылык көрсөтүү огунун» күчтөрүнүн активдешүүсү байкалууда. Бул жагынан алганда ХАМАС кыймылынын ичиндеги жетекчиликтин алмашуусу өзгөчө мааниге ээ. Кыймылдын жетекчилигине Халил аль-Хайя келди. Ал Иран менен тыгыз кызматташтыкты жактаган жана «каршылык көрсөтүү огунун» стратегиясын ырааттуу колдогон саясатчылардын бири катары белгилүү.

Бул мындан ары Ирандын, ХАМАСтын, «Хезболланын», хуситтердин жана башка союздаш кыймылдардын Израиль менен АКШга каршы стратегиясы жана тактикасы мурдагыдан да көбүрөөк макулдашылган, координацияланган жана ырааттуу мүнөзгө ээ болушу мүмкүн экенин көрсөтөт.

Ошондуктан бүгүнкү болуп жаткан согушту АКШ менен Ирандын ортосундагы гана жаңжал катары кароого болбойт. Мазмуну жагынан бул Палестина үчүн, Газа үчүн, исламдын ыйык жайлары үчүн жана аймактагы мусулман элдеринин өз келечегин Израиль менен АКШнын тышкы басымысыз өз алдынча аныктоо укугу үчүн күрөш катары да мүнөздөлөт.

Бул тирешүүнүн бир тарабында Иран жана ага байланышкан каршылык көрсөтүү коалициясы турат. Анын курамына ХАМАС, «Хезболла», Йемендеги «Ансар Аллах» кыймылы (хуситтер), ошондой эле Ирактагы куралдуу түзүмдөр кирет.

Экинчи тарабында, АКШ, Израиль жана америкалык жана израилдик саясатты түздөн-түз же кыйыр түрдө колдогон араб монархияларынын бир бөлүгү турат. Аларга айрым радикалдуу жихадчы жана такфирчи топтор, анын ичинде ИГИЛ сыяктуу уюмдар, ошондой эле Израилдин же башка мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн аракеттенген айрым күрт жана башка американы же Израилди жактаган куралдуу түзүмдөр кошулушу мүмкүн.

Ошентип, Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш акырындык менен эки салыштырмалуу так калыптанып жаткан аскердик-саясий коалициялардын жана союздардын чоң согушуна тартылууда. Чыр-чатак аймактык мүнөзгө ээ болуп, глобалдык, эл аралык масштабга карай жылып баратат.

Негизи азыр биз Үчүнчү дүйнөлүк согуштун баштапкы этабын байкап жатышыбыз мүмкүн. Азырынча ал бирдиктүү глобалдык фронт түрүндө эмес, бири-бири менен байланышкан аймактык жаңжалдардын тутуму катары өнүгүүдө. Бул жагынан алганда Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш глобалдык каршылашуунун негизги театрларынын бирине айланып жатат.

Ошондуктан болуп жаткан окуяларды АКШнын Иранга каршы өзүнчө согушу же Израилдин палестиналык каршылык көрсөтүү кыймылына каршы согушу катары эмес, эркиндик үчүн, ислам үчүн жана элдердин эгемендүү укуктары үчүн жүрүп жаткан кеңири күрөштүн бир бөлүгү катары кароо керек. Албетте, бул күрөш энергетикалык ресурстарды, транспорттук маршруттарды, саясий союздарды жана жалпы Евразиянын коопсуздук архитектурасын көзөмөлдөө маселелери менен да байланыштуу.

Эгер азыркы чыңалуу күчөй берсе, анын кесепеттери Жакынкы Чыгыштын (Батыш Азиянын – ред.) чегинен алыс аймактарга чейин жетет. Борбордук Азия да олуттуу экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана саясий басымга туш болушу мүмкүн. Ошондуктан аймактагы мамлекеттер азыртан тартып жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына, баалардын өсүшүнө, логистикалык кризиске жана эл аралык кырдаалдын мындан ары да начарлашына даяр болушу зарыл.

Бул коркунуч Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия үчүн да олуттуу тобокелдик жаратат. Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго урулган соккулар, Иранга жасалган чабуулдар, ошондой эле Ормуз жана Баб-эль-Мандеб кысыктарынын жабылышы Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасына олуттуу коркунучтарды алып келиши мүмкүн. Бул күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө, мунай жана мунай өндүрүмдөрүнүн жеткирилишинин бузулушуна, логистикалык үзгүлтүктөргө, жүк ташуунун кымбатташына жана жалпы экономикалык кырдаалдын начарлашына алып келиши ыктымал.

Автор: Кадыр Маликов, Мадрид университетинин саясат таануу жана ислам таануу боюнча доктору, «Дин, укук жана саясат» аналитикалык борборунун директору.