Үй КАБАРЛАРЭксперт: Трамп Иранга каршы согушта эсептөөдөн жаңылганын моюнга алууда

Эксперт: Трамп Иранга каршы согушта эсептөөдөн жаңылганын моюнга алууда

by Kanykey

Ирандык саясий эксперт Мехди Мужахед АКШ президенти Дональд Трамптын Иранга каршы аскердик аракеттерге байланыштуу билдирүүлөрүнө комментарий берип, Трамп Ирандын жетекчилигин жок кылуу менен өлкөнү кулатууга болот деп жаңылыш эсептегенин белгиледи.

Эксперттин айтымында, Трамп жакында Ирандын жетекчилерин бутага алууда чектен чыгып кеткен болушу мүмкүн экенин жана чыңалууну алгачкы баскычтарында эле токтошу керек болгонун билдирген.

Мужахеддин пикиринде, АКШ президенти Ирандын жогорку даражалуу жетекчилерин өлтүрүү Ислам Республикасынын кулашына алып келет деп ишенген. Ал азыркы системанын келечегин көргөн эмес. Ушундан улам Вашингтон Иран менен сүйлөшүү жүргүзө турган жетекчилерди тирүү калтыруунун да зарылдыгы жок деген жаңылыш түшүнүккө жетеленген.

Эксперт белгилегендей, Трамп жаңылыш түшүнүктөр менен Ирандагы “бутага алынган жетекчилерди” жок кылуу менен башкалар да багынып берет жана ал өзү каалаган адамды бийликке дайындай алат деп эсептеген.

Мужахед Трамп азыр да коомчулуктун алдында жоопкерчиликтен качуу үчүн ушундай жалган дооматтарды айтып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Ирандын саясий жана аскердик түзүмдөрү бүгүнкү күндө мурдагыдан да күчтүү турат. Ошол эле учурда Иранда эч ким Трамптын ашынган талаптарына баш ийгиси келбейт.

Ирандык эксперт Трамп өзү түзүп алган туюктан жана Иран менен болгон согуштан абийирдүү чыгууга мүмкүндүк бере турган аскердик же дипломатиялык жолду көрбөй жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал Трамптын Иран менен болгон согуштун ар кандай багыттарында эсептөөдөн жаңылганын кайра-кайра моюнга алышы дагы бир маанилүү суроону жаратарын айтты: АКШ президентине кимдер туура эмес маалымат берип, жаңылыш чечимдерге түрткөн? Бул жаңылыш түшүнүктөрдүн жаралышына Нетаньяху гана себеп болдубу? Же Ирандын мунай-газ ресурстарына ээлик кылууга болгон өзүнүн акылга сыйбаган ач көздүгү да түрткү болдубу? Же Ирандын ичинен чыккан айрым үндөр да бул жаңылыш ишенимди күчөттүбү?!

Ал мындан келечек үчүн сабак алуу зарылдыгын айтты.

“Өлкө ичиндеги өздөрүн акылдуу көрсөткөн, бирок коркок айрым адамдардын «туура эмес талдоолору», «алсыздыкты көрсөтүүсү» жана «багынууну сунушташы» менен душманды жаңылыш түшүнүккө түртпөшүбүз да, досторубуздун көңүлүн калтырбашыбыз да керек”, –  деди ал.