Үй КАБАРЛАРАКШ Р. Кастрону камакка алуу ордерин чыгарды

АКШ Р. Кастрону камакка алуу ордерин чыгарды

by Kanykey

Флорида штатындагы сот Кубанын мурдагы лидери Рауль Кастрону камакка алуу ордерин чыгарды. Бул тууралуу NBC телеканалы кабарлады. Анын жашы 95те.

Рауль Кастрону 1996-жылы гуманитардык жардам ташыган эки учактын кыйрашына тиешеси болушу мүмкүн деген шек менен камакка алуу чечими кабыл алынган.

Рауль Кастро — кубалык мамлекеттик жана аскердик ишмер, Куба революциясынын лидери Фидель Кастронун иниси. Ал 2008–2018-жылдары Кубанын президенти кызматын аркалаган. Ага чейин бир нече ондогон жылдар бою коргоо министри болуп иштеген. Анын ичинде учактар атып түшүрүлгөн 1995-жылы да ушул кызматты ээлеген.

Президенттик кызматтан кеткенден кийин да ал Кубанын саясий турмушуна олуттуу таасирин сактап калган. Анын ичинде Кубанын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин мурдагы биринчи катчысы катары да таасирдүү болгон. Президенттик кызматта анын ордуна Мигель Диас-Канель келген.

Айыптоо корутундусу дагы беш адамга карата түзүлгөн. Алар — Лоренсо Альберто Перес-Перес, Эмилио Хосе Паласио Бланко, Хосе Фидель Гуаль Барсага, Рауль Симанка Карденас жана Луис Рауль Гонсалес-Пардо Родригес. Булар операцияга катышкан деп болжолдонгон учкучтар.

Алты адамдын баарына бир нече айып тагылган: адам өлтүрүү боюнча төрт пункт, учактарды жок кылуу боюнча эки пункт жана АКШнын жарандарын өлтүрүү максатында кутум уюштуруу боюнча айып.