Үй КАБАРЛАРРоссияда президенттик шайлоо качан өтөрү белгилүү болду

Россияда президенттик шайлоо качан өтөрү белгилүү болду

by Kanykey

Федерация кеңеши Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына белгиледи. Палата тийиштүү токтомду бүгүнкү жыйынында кабыл алынганын РИА Новости жазды.

“Россия Федерациясынын президентин шайлоо күнү 2024-жылдын 17-мартына белгиленсин. Токтом расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет”, – деп айтылат документте.

Палатанын спикери Валентина Матвиенко белгилегендей, бул чечим шайлоо өнөктүгүнүн башталышын билдирет. Ал алдыдагы шайлоолор Россиянын өнүгүү векторун аныктай турган эң маанилүү саясий окуя экенин баса белгиледи.

Россиянын президенти Владимир Путин алдыдагы шайлоого катышабы же жокпу, азырынча белгисиз. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков белгилегендей, Путин азырынча талапкерлигин көрсөтүү боюнча чечим кабыл ала элек.