Үй КАБАРЛАРПутин Индияга барат

Путин Индияга барат

by Kanykey

Орусиянын президенти Владимир Путин премьер-министр Нарендра Модинин чакыруусу менен Индияга барат.

Бул тууралуу Орусия президентинин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин индиялык CNN-News18 телекомпаниясы билдирди.

«Биз Моди мырзанын чакыруусун алдык жана аны оң жагына карайбыз», – деди Ушаков.

Президенттин жардамчысы сапардын датасы 2025-жылдын башында белгиленип, жарыялана турганын кошумчалады. Ушаковдун айтымында, Путин менен Моди жыл сайын жолугушууларды өткөрүү боюнча келишим түзүшкөн.