Үй КАБАРЛАРИзраиль ок атышпоо келишими жарыялангандан кийин Газаны аткылады

Израиль ок атышпоо келишими жарыялангандан кийин Газаны аткылады

by Kanykey

Израиль ок атышпоо келишими жарыялангандан кийин Газаны аткылап, натыйжада 70тен ашуун адам набыт болгонун Al-Aqsa телеканалы анклавдын жарандык коргонуу өкүлү Махмуд Басалга таянуу менен билдирди.

“Сионисттик оккупациялык күчтөр ок атышпоо келишими жарыялангандан кийин  71 кишини, анын ичинде Газа шаарында 61 кишини өлтүрүштү, – деди спикер.

Газа тилкесиндеги жаңжалдын тараптары – Израиль менен ХАМАС кыймылы – Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен ок атышууну токтотууга макул болушкан. Келишимдин 19-январдан тарта күчүнө кириши күтүлүүдө.

Бирок Израиль бүгүн келишимди бекитүүдөн баш тартып, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси ХАМАСты “акыркы мүнөттө келишимди бузду” деп айыптады. Тель-Авив палестиналык кыймылдан ортомчулар аркылуу келишимдин чоо-жайын ырастоону талап кылды.

Өз кезегинде ХАМАСтын Саясий бюросунун мүчөсү Иззат ал-Ришк ок атышууну токтотуу келишимине берилгендигин ырастады.