Ормуз кысыгынын кооптуу маршруту аркылуу өтүүгө аракет кылган эки мунай танкери жарылды. Бул тууралуу 20-июлда Ирандын Fars News маалымат агенттиги Ислам революциясынын сакчылар корпусуна шилтеме берүү менен кабарлады.
«АКШ армиясынын шыкагы жана мажбурлоосу менен Ормуз кысыгынын түштүк тарабындагы кооптуу маршрут аркылуу кирип-чыгууга аракет кылган эки мунай танкери жарылып, андан ары жүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады», – деп айтылат Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу ошондой эле АКШ аймактагы аскердик аракеттерин токтотмоюнча Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы коопсуз болбой турганын белгиледи.
«Бул – биздин жер. АКШ армиясынын миңдеген чакырым алыстан келип бул аймакка кийлигишүүсүнүн эч кандай мыйзамдуу негизи жок. Мындай мыйзамсыз аракеттер сөзсүз жоопсуз калбайт. АКШнын аймактагы кастык аракеттери уланып турган учурда бул деңиз жолу аркылуу химиялык жер семирткичтерди, ошондой эле бир тамчы мунай же газды да коопсуз ташууга мүмкүн болбойт», – деп айтылат билдирүүдө.
Ирандын күчтөрү баскынчы армия бул мыйзамсыз аракеттери үчүн Ирандын жооп чараларына даяр болушу керектигин эскертти.
Белгилей кетсек, Вашингтон менен Тегеран дээрлик төрт айга созулган согуштан кийин 17-июнда ок атышууну токтотуу боюнча меморандумга кол койгондо, айрым аналитиктер бул келишимдин морт экенин жана анын ишке ашырылышы каалаган учурда бузулуп калышы мүмкүн экенин божомолдошкон.
Көп өтпөй алардын бул божомолу чындыкка айланды. 8-июлда АКШ кайрадан Иранга чабуул жасады. Иран жооп иретинде аймактагы америкалык объекттерге сокку урду. Эки тарап тең ок атышууну токтотуу тууралуу меморандум күчүн жоготконун билдиришти. Мунун фонунда дүйнөлүк энергетика рыногунда кооптонуу күчөп, Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташууга байланышкан тобокелдиктердин өсүшү жана Трамптын Тегеранга каршы деңиз блокадасын кайра киргизиши кийин дүйнөлүк мунайдын баасы кайрадан жогорулай баштады.
8-июлда аймактагы чыңалуу кайра күчөгөндөн кийин Иран Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы анын көзөмөлү астында коопсуз жүргүзүлөрүн билдирген. Ошондой эле Тегеран кемелер Иран көрсөткөн коопсуз маршруттар аркылуу гана өтүшү керектигин эскерткен. 13-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгы Американын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялап, Кошмо Штаттарды “Ормуз кысыгынын коргоочусу” деп атаган.
Иран АКШ аймактын иштерине кийлигишүүсүн токтотмоюнча, Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамы жабык болорун жарыялаган.