Үй АНАЛИТИКАХАМАС кыймылы Халил аль-Хайяны жаңы лидери кылып шайлады

ХАМАС кыймылы Халил аль-Хайяны жаңы лидери кылып шайлады

by Kanykey

Палестинанын ХАМАС кыймылы жаңы жетекчиси катары Халил аль-Хайяны шайлады. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин кыймылдын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген жана башкаруу кеңешинин беш мүчөсүнүн бири болгон аль-Хайя ички шайлоодо мурдагы саясий лидер Халед Машалдан алдыга оозуп, жеңишке жеткен.

Халил аль-Хайя 2024-жылы ХАМАСтын негизги жетекчилери — Яхья Синвар, Мухаммед Дейф жана Исмаил Хания каза болгондон кийин кеңири таанылган. Ал 2024-жылдын аягында Израилдин Газадагы аскердик операциясы жүрүп жаткан шартта аймакты башкаруу үчүн түзүлгөн убактылуу жетекчилик кеңештин беш мүчөсүнүн бири болгон.

Аль-Хайя 2025-жылдын октябрында Израиль менен ХАМАСтын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүүдө кыймылдын башкы сүйлөшүүчүсү болгон.

Халил аль-Хайя 1960-жылы Газа тилкесинде төрөлгөн. Ал 1987-жылы ХАМАС түзүлгөндөн бери кыймылдын мүчөсү болуп келген. 2006-жылы Палестина автономиясынын парламентине депутат болуп шайланган.

Анын үй-бүлөсү бир нече жолу Израилдин чабуулдарынын курмандыгы болгон: анын төрт баласы каза болгон. Алардын арасында 2014-жылы курман болгон уулу Усама жана 2025-жылы каза болгон уулу Хумам да бар.

6-июлда ХАМАС Газа тилкесинде дээрлик жыйырма жыл бою өзүнчө өкмөттүн милдетин аткарып келген Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетти жоюу тууралуу билдирген. Өкмөттүк маалымат кеңсесинин жетекчиси Исмаил аль-Тавабтанын айтымында, мындан ары кызматтарда күнүмдүк башкаруу иштерин камсыз кылган техникалык жана иш аткаруучу кызматкерлер гана калат. ХАМАСтын өкүлдөрү бул чечим АКШнын ортомчулугу менен Израил менен жетишилген ок атышууну токтотуу келишиминин алкагында кабыл алынганын билдиришкен.

Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар өкмөттүн таркатылышы ХАМАСтын тилкени аскердик жактан көзөмөлдөөдөн баш тартып жатканын билдирбейт деп билдирген.