Иран менен болгон куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө жаракат алган АКШнын аскер кызматкерлеринин саны 500дөн ашты. Бул тууралуу Associated Press (AP) агенттигинин журналисти Константин Торопин X социалдык тармагындагы баракчасында маалыматтуу булакка шилтеме берүү менен билдирди.
«АКШнын расмий өкүлүнүн айтымында, Иран менен болгон согушта жаракат алган аскер кызматкерлеринин саны 500дөн ашты», — деп жазды ал.
Торопиндин айтымында, бул көрсөткүч АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) буга чейин жарыялаган маалыматтан жогору. Пентагондун маалыматы боюнча, жаракат алган аскер кызматкерлеринин саны 482 адамды түзгөн.
Бир күн мурда Пентагондун басма сөз катчысы Шон Парнелл CBS News телеканалына берген маегинде, акыркы эки жуманын ичинде АКШнын Иранга каршы жүргүзгөн операцияларынын жүрүшүндө дээрлик 100 америкалык аскер ар кандай деңгээлдеги жаракат алганын билдирген.
20-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык ар бир аскер кызматкеринин өлүмү үчүн Иран «бир нече эселеп жооп берерин» убада кылган.
Июль айынын башынан тартып АКШ менен Ирандын ортосундагы куралдуу тирешүү кайрадан күчөгөн. 18-июлда Иран Иорданиядагы америкалык объектилерге сокку урган. Чабуулдун натыйжасында АКШнын эки аскер кызматкери каза болуп, дагы бири дайынсыз жоголгон.
The New York Times басылмасы өз булактарына таянып, Пентагон буга чейин ондогон жаракат алган америкалык аскер кызматкерлери тууралуу маалыматты коомчулуктан жашырып келгенин билдирген.