The Wall Street Journal гезити Ирандын акыркы айлардагы чабуулдардан жабыркаган инфраструктурасын өтө ылдам калыбына келтирип жатышы Израилдин айрым аткаминерлерин тынчсыздандырып жатканын жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, расмий өкүлдөрдүн билдирүүлөрү жана спутниктен алынган сүрөттөр АКШ менен Израилдин аба соккуларында жабыркаган Ирандын объектилери кыска убакыттын ичинде кайра калыбына келтирилип жатканын көрсөтүүдө.
Калыбына келтирилип жаткан объектилер:
- тоолордун ичинде жайгашкан жашыруун ракета базалары;
- көпүрөлөр;
- деңиз порттору;
- өндүрүш ишканалары.
Ирандын батышындагы Кангавар шаарына жакын аймакта Planet Labs компаниясынын март айындагы спутник сүрөттөрү аба соккуларынан кийин эки туннелдин кире бериши жана аларга баруучу жол жабыркаганын көрсөткөн. Бул соккулар Ирандын ракета базасына кирүүнү бөгөттөө максатында жасалган.
Бирок бир нече жуманын ичинде Airbus компаниясынын жаңы спутник сүрөттөрүндө ошол жерге жаңы асфальт төшөлгөн жол салынып, тазаланган жана кайра казылган туннелдерге чейин жеткени көрүнгөн.
Дагы бир учурда Израилдин аскер өкүлү Израил үч бомба менен сокку урган көпүрө Иран тарабынан бир нече күндүн ичинде оңдолгонун билдирген. Бул көрүнүш Израилдин жетекчилерин таң калтырып, алардын тандаган аскердик буталарынын натыйжалуулугу боюнча күмөн жараткан.
The Wall Street Journal белгилегендей, АКШ менен Израилдин чабуулдарынан кийин урандыларды тазалоо жана келтирилген зыянды жоюу чоң күчтү, көп каражатты жана убакытты талап кылат. Ошого карабастан, Ирандын өлкө боюнча жүргүзүп жаткан калыбына келтирүү иштеринин жогорку ылдамдыгы Дональд Трамп менен Биньямин Нетаньяхунун Иранга «кыйраткыч сокку урулду» деген билдирүүлөрүнө шек жаратууда.